Акыркы макалалар

Президенттикке талапкерлердин тил билими кантип текшерилет?

Президенттикке талапкерлердин тил билими кантип текшерилет?

Президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тил билимин “Кыргызтест” системасы текшерет. Мындай маалымат өкмөттүн чыгарган токтомунда белгиленген. Тил билимин текшерүү максатында атайын эксперттик топ түзүлүп, анда президент болуу дымагы болгон жаран 4 этаптан турган сынакты тапшырышы керек. Анын алгачкы бөлүгүндө сынак тапшыруучу атайын компютердик системанын жардамы менен сыналат. “Кыргызтест” улуттук борборунун бөлүм башчысы Батма Топоева-Ставинская бул жаңы ыкманы киргизүүдөгү башкы максат адамдык фактор аралашпай, талапкердин билимин калыс баалоо дейт.

-Адамдык факторду оолактатуу, купуялуулукту сактоо үчүн анча-мынча өзгөрүүлөр болуп жатат. Анда бир компьютердик нуктада бир гана талапкер отуруп, сынак тапшырат. Анда лексика, грамматика жана текст боюнча гана өз алдынча тапшырып, калгандарын эксперттик топтун катышуусунда аткарат. Бул сынакты Тил комиссиясы өткөрөт.

Сынакка кененирээк токтоло турган болсок, талапкер алгач грамматика, текст жана лексика боюнча электрондук тесттен өтүү керек. Бул бөлүмдө сөздөрдү, сүйлөмдөрдү ирети менен жайгаштыруу, түшүнүктөрдүн ортосундагы дал келүүлөрдү көрсөтүү сыяктуу талаптар коюлган. Тест түрүндө жүргүзүлүп, 4 варианттын бирөөсүн тандашы керек. Калган 3 бөлүм атайын түзүлгөн эксперттик топтун катышуусунда болот. Кийинки этапта катышуучунун маалымат угуп түшүнө алуу жөндөмүн аныктоо үчүн аудиотекстти эки жолу угуп, туура жоопту аныкташы керек. Андан соң окуп түшүнүүсү да ушул эле негизде уланат. Акырында президенттикке ат салыша тургандардын оозеки билдире алуу жөндөмүн билүү үчүн өзүнүн программасын айтып берүү талабы коюлган. Сынактын жыйынтыгы 100 упайлык өлчөм менен каралып, эгер талапкер 60тан жогору упай алса, «шайлоого катышууга уруксат» деген сертификат берилет.

Мамлекет башчы болом дегендердин тил билимин аныктоого Борбордук шайлоо комиссиясы аралашпай турганын аталган кызматтын төрагасынын орун басары Атыр Абдырахматова билдирди.

-Биз үчүн талапкердин тил билимин жакшы билгендигин далилдеген сертификатты алып келүүсү гана маанилүү. Сынактын кандай өтө тургандыгы боюнча Өкмөттүн токтому келди. Бирок шайлоо процессин биз көзөмөлдөгүнүбүз менен сынакка биз аралашпайбыз.

“Кыргызтест” бир гана президенттикке талапкерлердин эле эмес жалпы мамлекеттик кызматкерлердин билимин аныктоо үчүн иштелип чыккан система. Жогорку Кеңеш буга чейинки президенттик шайлоолордогу тил билимин аныктоо ыкмасын сынга алып, адамдык фактор аралашкандыгы үчүн калыс чечим чыгарылбайт деп мүнөздөшкөн. Ошонун артынан атайын мыйзам долбоор сунушталып кабыл алынган. Демилгечи депутат Мирлан Жээнчороев “Кыргызтест” системасы бардык мамлекеттик кызматтарда иштеп баштагандан кийин президенттикке аттангандарды да ушул ыкма менен сыноо туура деп эсептейт.

-Жалпы Кыргызстан боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда “кыргызтест” программасы кирип жаткандан кийин баары бирдей болсун деп ойлодук. Тагыраагы, катардагы кызматкерлер сынак тапшырып жаткандан кийин жогорку кызматтагылар да андан өтсүн деген чечим болду. Ошол себептүү бул мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, кызматка орношуу үчүн эми жарандар ушул ыкма менен тил билиминин деңгээлин текшерет.

Кошумчалай кетсек, эгерде талапкер сынактан кийин чыгарылган жыйынтык менен макул болбосо, үч жумушчу күндүн ичинде аппеляциялык комиссияга кайрылганга укуктуу. Ал эми буга чейинки шайлоо алдындагыдай талапкерлердин сынак берип жатканын түз эфир аркылуу чагылдыруу боюнча так чечим жок. Ошондой эле өтүүчү күнүн Мамлекеттик тил комиссиясы менен БШК эми белгилейт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...