Акыркы макалалар

Өлкөдө СПИДди жуктургандардын саны жылына болжол менен 10% өсүүдө

Өлкөдө СПИДди жуктургандардын саны жылына болжол менен 10% өсүүдө

Кыргызстанда жылына ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны болжол менен 10% өсүп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 1-июнуна карата 7 миң 427 ВИЧке чалдыккандар катталган. Алардын 7 миң 38и кыргызстандын жарандары, 595и балдар, СПИД менен ооругандар - 902.

ВИЧтин тарашы өзгөчө баңги заттарын колдонгондордун жана абактагылардын арасында байкалат.

“ВИЧти жыныстык жолу менен жуктурган учурлардын саны өсүп, 2011-жылы 31% , 2016-жылы 51%га чейин жеткен. Өзгөчө аталган ооруну аялдар жуктурган учурлар басымдуулук кылат “,- деп жазылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...