Акыркы макалалар

Кыргызстандык ишкерлердин Дүйнөлүк экинчи бизнес форуму өтөт

Кыргызстандык ишкерлердин Дүйнөлүк экинчи бизнес форуму өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 29-30-август күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында, Түркиядагы «Кыргызстан достук жана маданият коому» тарабынан уюштурулган, кыргызстандыктардын Дүйнөлүк экинчи бизнес форуму өтөт. Дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандык ишкерлердин таанышуусу үчүн жалпы платформаны түзүү, тажрыйбалар менен алмашуу жана алардын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында уюштурулуп жаткан иш-чарага 150дөн ашык ишкердин катышуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, 2012-жылдын август айында Түркиядагы «Кыргызстан достук жана маданият коому» тарабынан уюштурулган, «Келгиле таанышабыз» урааны менен Кыргызстандыктардын Дүйнөлүк биринчи бизнес форуму өткөн. Ал эми келээрки 2014-жылы бул форум биринчи жолу Кыргызстанда Жаш ишкерлер ассоциациясы тарабынан уюштурулат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...