Акыркы макалалар

Бишкекте ушул аптада түрк кинолорунун жумалыгы башталат


Бишкекте ушул аптада түрк кинолорунун жумалыгы башталат

Бишкекте түрк кинолорунун жумалыгы башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов менен Түркия президентинин негизги кеңешчиси Ялчын Топчунун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда тараптар 21-25-июль күндөрү Бишкекте өтө турган түрк кинолорунун жумалыгын өткөрүү жана ага болгон даярдыктарды талкуулашкан.

Иш-чара алкагында бир катар түрк тасмалары көрсөтүлүп, жумалыктын ачылышына түрк кино жылдыздары катышаары пландалууда.

Жолугушууда элчи Ибрагим Жунусов бул сыяктуу маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу тарыхы, маданияты жана тили бириктирип турган кыргыз-түрк мамилесинин бекемделишине болгон дагы бир кадам экендигин белгиледи.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...