Акыркы макалалар

Борбор Азиядагы жашоо: Кыргыздар ымыркайга "ит көйнөк" кийгизишкен


Борбор Азиядагы жашоо: Кыргыздар ымыркайга "ит көйнөк" кийгизишкен

ыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан элдери баланын төрөлүшүнө байланыштуу жалпы бир салтка ээ. Үй-бүлөдөгү ымыркай - бул тукумдун жана үрп-адаттардын улантуучусу, элдин өлбөстүгүнүн белгиси. Ошондуктан, ымыркайдын төрөлүшү – бул үй-бүлөдө чоң бакыт. Бул макаланын 1-бөлүгүндө Кыргызстандын бала төрөлгөндөн тушоо кесүүгө чейинки каада-салттарындагы окшоштуктары жөнүндө баяндайт.

Кыргызстан

Ымыркай төрөлгөнгө чейин, кош бойлуу аялды үй-тиричилигиндеги оор жумуштардан алыс кармашкан жана айылдан жалгыз, коштоосуз алыс кетүүгө тыюу салышкан. Жаман көздөрдөн жана жин-шайтандар алыс болсун деп тумар беришкен. Кош бойлуу аял сөзсүз түрдө тумарды кийип жүргөн кийимине тагып алган. Коргоочу тумарда Курандагы дубалар жазылган, андан тышкары албарстыдан коргойт деген тумарлар болгон, алар аюнун, үкүнүн тырмагынан жасалган. Тумарды ийиндин сол тарабында тагып жүрүшкөн.

Төрөп жаткан аялды жин-шайтандардан коргоо максатында боз-үйдүн ичинде күнү-түнү от жагылып күйүп турган. Оттун жанына курч бычакты коюшкан, анын мизин эшикти көздөй каратып коюшчу. Боз-үйдүн керегесине, аялдын баш жагына мылтык илип коюшчу. Ишенимге ылайык, бул нерсе арбактарды төрөп жаткан аялдын жанына жолоткон эмес.

Жарыкка келген ымыркайдын биринчи таткан даамы сары май болгон. Анан биринчи көйнөгүн кийгизишкен, ал “ит көйнөк” деп аталат. Көйнөктү кары кишинин же көп балалуу болгон апалардын кийимдеринин өөндөрүнөн тигишкен. Даяр болгон көйнөктү алгач итке кийгизген, ошого байланыштуу “ит көйнөк” деп аталып калган. Бардык жасалган ырым-жырымдар ымыркайдын узак жана бактылуу өмүр сүрүшү үчүн, көтөрүмдүү жана дени сак болсун деп ырымдашкан.

Айыл арасында урмат-сыйга ээ, көп жашка чыгып калган ак-сакал, чоң апалар ымыркайга өз баталарын беришет.

Ымыркай төрөлөөрү менен бардык тууган-туушкандарына сүйүнчүлөнөт. Мындай жагымдуу кабарды биринчи болуп алып келгендерге белектер берилет. Ымыркайды көрүү үчүн эреже катары көрүндүк берилет, негизинен акчалай белектер үйдүн күчүүсүнө берилет.

Кыргыздарда ымыркайга ысым берүү абдан маанилүү нерсе, салтка ылайык ысымды күйөө тараптын ата-энеси же айылдагы сыйлуу кишилердин бири коёт. Ысымды тереңден изилдеп, ысымдын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрүнө карап, ымыркайга туура келген ысымды ыйгарышкан.

Ымыркай төрөлгөн күндөн тарта кырк күн өткөндөн кийин бешикке салышкан. Бешикке ымыркайды улгайып калган аял салган, салып жатканда “Менин колум эмес, Умай-Эне, Батма, Зууранын колу. Умай эне уйку бер, бешик ээси бек сакта”- деп айткан. Умай-эне – өзгөчө ыйык, жакшылык алып келүүчү, ымыркайлардын жана кош бойлуу аялдардын коргоочусу. Батма - аял кишинин ишин сактоочу, ал эми Зухра - ислам адабиятынан Венера планетасынын аталышы.

Кырк күндөн кийин ымыркайды бешикке жаткыруунун алдында, кырк кашык сууга киринткен, карын чачын кыркышкан жана ит көйнөктөн тышкары кырк көйнөк кийгизишкен. Кырк көйнөктү тигүү үчүн ымыркайдын энеси же чоң энеси айылындагы көп балалуу үй-бүлөлөрдөн жана кары адамдардын кийимдеринен сурашкан жана ошол чүпүрөктөрдүн өөндөрүнөн көйнөк тигишкен. Бул ырым ымыркай көп жашасын, артынан көп бала алып келсин деген тилекте жасалган. Бул күнү кырк токоч, “май токоч” жана “кырк челпек” жасалып, кырк балага таратылып берилген.

Ымыркайларды жин-шайтандардан жана жаман көздөрдөн коргоо үчүн атайын тумарлар арналган. Ал тумарды бешикке же ымыркайдын кийимине тагып коёт. Эгер үй-бүлөдө эркек бала төрөлүп чарчап калса, кийинки төрөлгөн эркек баланын бутуна көз мончок, бир кулагына сөйкө тагып коюшкан жана баланы отургузганча (сүнөт) кыздай кылып кийинтишкен.

Ымыркай чоңоюп биринчи кадамдарын шилтей баштаганда, “тушоо кесүү” мааракеси өткөрүлөт. Баланы боз үйдүн алдына алып чыгып, бутун ак жана кара түстүү жүндөн оролуп жасалган жипти байлашкан. Ак жана кара түс жарык менен караңгылык, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы күрөштүн белгисин билдирет. Кыргыздар адам баласынын жашоосунда жакшылык-жамандык, бактылуу жана кайгылуу күндөр болорун айтышат. Ошондуктан, кичинеңден тарта жашоодогу ар кандай кырдаалдарга даяр болуу керек.

Тушоо кесүү салты негизинен эртең мененки саат 10-11де башталат. 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар, буту байланып турган баланы көздөй жарышка түшүшөт. Биринчи болуп келген балага бычак берилип, бутундагы жибин кесип, ымыркайдын жолун ачат. Кескен балага бычак жана байгеге коюлган белек берилет. Тойдун ээси жана катышуучуларынын каалоосу менен жарыш улантылышы мүмкүн, анда чоң балдардын жана чоң кишилердин жарыштары болот. Аларга да белек-бекчектер берилип той андан ары уланат. Бул салттын жана жарыштын мааниси жаңыдан басып жаткан ымыркайдын өз алдынча тез басып кетүүсү үчүн.

Булагы: CA-NEWS

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...