Акыркы макалалар

К.САТЫБАЛДИЕВ: “ШААРДЫК КЕҢЕШТИН МАСЕЛЕСИ БҮГҮН, ЭРТЕҢ ЖЕ УШУЛ АЙДА ЧЕЧИЛИШИНЕ КӨЗҮМ ЖЕТПЕЙТ”


К.САТЫБАЛДИЕВ: “ШААРДЫК КЕҢЕШТИН МАСЕЛЕСИ БҮГҮН, ЭРТЕҢ ЖЕ УШУЛ АЙДА ЧЕЧИЛИШИНЕ КӨЗҮМ ЖЕТПЕЙТ”

Облус башчы 6 айда аткарылган иштер боюнча берген маалымат жыйынында Жалал-Абад шаардык кеңеши тууралуу пикирин билдирди.

14-июлда, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев “Таамай” маалымат борборунда жарым жылдык отчёт жана облустагы көйгөйлөр тууралуу ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Мында биринчилерден болуп шаардык кеңештин бириге албай жатышы тууралуу суроо узатылды.

“Мындай маселе облустун эки Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарларында болуп жатат. Кийлигишүүгө мыйзам жол бербейт. Бирок, мен буга чейин маселени тез арада чечүүсү боюнча талап койгом. Маалымат жыйынын да өткөргөнбүз. Шайлоо болуп депутаттар тандалганы менен, бул жерде мэрлик, вице-мэр жана башка кызматтарга талашуулар болот экен. Бул маселе бүгүн-эртең же ушул айда чечилип калуусуна көзүм жетпейт.”

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңеши дагыле алгачкы сессиясын жаба элек.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...