Акыркы макалалар

Кургак учук менен ооруган жана муктаж адамдарга 77 тонна азык түлүк келди

Кургак учук менен ооруган жана муктаж адамдарга 77 тонна азык түлүк келди

Кургак учуктан жабыркаган жарандарга, карыларга жана жетим балдарга АКШдан жардам катары 77 тонна азык-түлүк жүгү келди. Бул азыктар ЮСАИД эл аралык уюмунун “Тынчтык үчүн азык-түлүк” программасы боюнча алынып келинген. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

АКШ Өкмөтү 14-июль саат 11.00 Бишкек шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда Кыргызстандын 94 социалдык медициналык мекемелерине, 200 миң долларга бааланган 77 тонна азык-түлүк жүгүн өткөрүп берет. Ал жүктө муктаж адамдар үчүн витаминге байытылган 3,9 млн үлүш тамак-аш бар.

Эске сала кетсек, азык-түлүк жүгүн өткөрүп берүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттыкты сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле АКШ элчилигинин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...