Акыркы макалалар

Дарья Маслова Азия чемпионатында экинчи алтын меделды тагынды

Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, эл аралык класстагы спорттун чебери Дарья Маслова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында жеңил атлетика боюнча экинчи алтын мелдалды тагынды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, таймаш Индиянын Бхубанешвар шаарында 6-9-июлга чейин өткөн.

Маслова марага 32 мүнөт 21 секунд аралыгында келген.

Буга чейин ал 5000 метрлик чуркоодо биринчи келип, алтын медаль тагынган.

Азия чемпионаты күчтүү спортчулардын биринчилиги болуп эсептелет. турнирге 45 мамлекеттен 800 катышуучу келген. Жалпысынан 42 иш чара уюштурулган. Алардын 21 эркектер үчүн, 21 айымдарга арналган.

Азия биринчилигинде жеңишке жетишкен спортчулар жеңил атлетика боюнча августта Лондондо өтүүчү дүйнөлүк олимпиадага катышууга жолдомо алышат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...