Акыркы макалалар

Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште күмүш медал тагынды

Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште күмүш медал тагынды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча эл аралык “Poland Open” турниринде экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 7-9-июль аралыгында Польшанын Варшава шаарында өткөн спорттук мелдеште Кыргызстандын атынан 4 балбан кыз катышкан.

Алардан Назира Марсбек кызы 55 килограмм боюнча 11-орун, 69 килограммдан Мээрим Жуманазарова 9, ал эми 75 килорграмм салмак категориясы боюнча Айпери Медет кызы 5-орунга ээ болгон.

Айсулуу Тыныбекова жалпысынан 4 жолу беттешип, анда литвалык, белоруссиялык жана германиялык атаандашын женген. Ал эми финалдык турда америкалык Элен Марулиске жеңилип калган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...