Акыркы макалалар

Улуттук киностудияда анимациялык бөлүм иштей баштады

Улуттук киностудияда анимациялык бөлүм иштей баштады

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында анимациялык (мультипликациялык) бөлүм ачылды.

Бүгүн аталган цехтин расмий ачылышы болуп, ага маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков катышты.

Анимациялык цехти ачууга былтыр 2 миллион сом бөлүнүп, ага атайын жабдуу сатылып алынган, адистер окутулуп, сценарийлер даярдалды.

Адистер бул окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз анимациясынын кайра жаралышы деп атап жатышат.

Быйыл Кыргызстандагы анимациялык өнөргө 40 жыл толду.

1977-жылы киностудиянын базасында мультфильмдерди тарта турган чыгармачыл топ түзүлгөн, аны сүрөтчү Сагынбек Ишенов жетектеп турган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...