Акыркы макалалар

КАДАМЖАЙДА КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЧАКАН ИШКАНАЛАР КӨБӨЙДҮ

КАДАМЖАЙДА КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЧАКАН ИШКАНАЛАР КӨБӨЙДҮ

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү жаңыдан ишке кирип, алгачкы продукциясын өндүрүп жаткан кыш заводунун иши менен кең-кесири таанышты.

Маселен, жеке ишкер Мурзакарим Ботобеков 600миң АКШ долларына кыш заводун куруп, сапаттуу бышкан кыш өндүрүп, даанасын 5 сом 50 тыйындан Баткен, Ош облусуна жана кошуна Тажикстанга чейин сатып жатат. Ишканада 70 киши жумуш менен туруктуу камсыз этилип, орточо маяна 15 миң сомду чапчыды. Ушул тапта күн сайын 30 миңге чейин кыш өндүрүлүүдө. Бул аймактагы топурактын кору дагы 20 жылга жетет дешет жергиликтүү адистер.

Мындан тышкары Абиш Халмурзаев жаңыдан ачылып иштей баштаган мөмө-жемиштерди кайра иштетуучу ишкананын ишмердүүлүгүн дагы көз сынынан өткөрдү. Бул кичи заводду ачуу үчүн жеке ишкер Сиражидин Даминов Кыргыз Орус Өнүктүрүү фондунан 18 миллион сом жеңилдетилген насыя алган. Керектүү жабдуулардын баарын Германия ммлекетинен алдырып, ишкана ийгиликтүү ишке кирген. 2016-жылдын күзүндө алгачкы продукциясын, алмадан жасалган натуралдуу сок чыгарып, 28 кишини жумуш орду менен камсыздады.

Баткен облусунун жетекчилер андан ары Өрүк-Зар айылындагы күрүчтү кайра иштетүүчү “Ыктыяр” кичи ишканасын кыдырышты. Күзүндө күн сайын 10 тоннага чейин шалыны кайра иштеткен бул ишканада 10 адам эмгектенет. Ишканага Кадамжай районунан эле эмес, Баткен жана Лейлек районунан да дыйкандар келип, шалыларын актап кетишет. Бул ишкананы куруу үчүн жеке ишкер 50 миң доллар каражат сарптаганын, керектүү жабдууларды Кытай мамлекетинен алып келген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...