Акыркы макалалар

Президент А.Атамбаев мыкты спортчуларды куттуктады

Президент А.Атамбаев мыкты спортчуларды куттуктады

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Казань шаарында өткөн 27-дүйнөлүк жайкы Универсиада, Иорданияда өткөн бокс, Таиланддагы жаштар арасындагы күрөш, Кореяда өткөн Азия оюндарында жана Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча ийгиликтерге жетишкен Кыргызстандык спортчулар менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө президент А.Атамбаев спортчуларга эстеликке калуучу белектерди тапшырып жатып, аларга ыраазычылыгын билдирди. Президент өз сөзүндө, «Бул ийгиликке ата-энеңердин, устаттарыңардын салымы зор. Силер башкаларга үлгү болушуңар керек", - деди. Куттуктоо сөзүнөн кийин Атамбаев спортчулардын бардыгына президенттик саат берип, биринчи орун алгандарга 150 миң сом, күмүш байгелерге 100 миң сом жана коло байге алгандарга 70 миң сом ыйгарды. Ошондой эле Атамбаев спортчулардын ийгилигине машыктыруучулар да чоң салым кошкондугун кошумчалады.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...