Акыркы макалалар

2017-жылы жазгы-талаа иштерине 124 миң тонна КММ керектелет – КНА

2017-жылы жазгы-талаа иштерине 124 миң тонна КММ керектелет – КНА

2017-жылы жазгы-талаа иштерине 124 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейлердер ассоциациясынын башчысы Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги макулдашылган келишимге ылайык фермерлерге керектелүүчү күйүүчү-майлоочу май тууралуу божомолду берет.

“Бул жылга 124 миң тонна берди, анын ичинен 99 миң тоннасы – дизель отуну, 25 миң тоннасы – бензин. Биз өз кезегинде жетишсиздикти алдын алуу үчүн ошол көлөмдү камсыздоо максатында нефтебазаларга топтойбуз”,-деди ал.

Ошондой эле, У.Кулов күйүүчү-майлоочу каражатты фермерлер базар баасында сатып алышат деп кошумчалады. “Кыргызстанда керектөөчүлөр үчүн кеңири тандоо бар, анткени тиешелүү компаниялар көп”,-деп кошумчалады У.Кулов.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...