Акыркы макалалар

Кыргызстанда майып балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгү кеңейтилет

2013-2017-жжылдарга КРны Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги 20 мектепте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү шарттарын жакшыртты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, пандустар, атайын кармагычтары менен дааратканалар салынып, таяныч-кыймыл аракет бузулган балдарга парталар сатып алынып, көрүүсү начар балдарга тепкичтерде бош орундар ылайыкташтырылды.

Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн клуб түзүлүп, ага 249 жаш кыргызстандык барат.

“КРда инклюзивдик билим берүү процессинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коштоо” сынамык долбооруна 5 мектеп катышууда.

Дагы 3 мектепте ведомство тарабынан иштелип чыккан инклюзивдик шарттарда майып балдарга баштапкы жалпы билим берүү стандарты долбоору киргизилип жатат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...