Акыркы макалалар

ӨКМ: 16-мартка чейинки аба ырайынын божомолу

ӨКМ: 16-мартка чейинки аба ырайынын божомолу

2017-жылдын 11-март күнү жаап өткөн, жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, (Көк-Бел ашуусу) 351-365 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто унаа жолундагы 65-110 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 65-97 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш авто унаа жолунун 1-9 чакырымдары, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын- Торугат овто унаа жолунун (Долон ашусуу) 289-291, 297-298 чакырымдары, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10 чакырымдары, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары) кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

10-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

11-мартта Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.Түндук-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 12-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасынан 4-9 метрге жетет.

Ош шаарында 11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили кар жаашы күтүлөт, 12-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

12-мартта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

13-мартта кээ бир райондордо, 14-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

15-мартта көпчүлүк аймактарда, 16-мартта кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...