Акыркы макалалар

12-февралга чейин кирген унаалардан коопсуздук күбөлүгү талап кылынбайт

12-февралга чейин кирген унаалардан коопсуздук күбөлүгү талап кылынбайт

Бул тууралуу экономика министрлигин техникалык көзөмөлдөө башкармалыгын башчысы Султан Акматов «Марал» радиосуна билдирди. Анын айтымында өлкөгө 2017-жылдын 12-февралга чейин кирген унааларга өкмөттүн сырттан келген жаңы автоунааларды каттоого тыюу салган токтомдун тиешеси жок.

Ал эми 12-февралдан кийин ЕАЭБ аймагынан башка өлкөлөрдөн кире турган автоунаалардан коопсуздук күбөлүгү талап кылынат.

Күбөлүктү атайын лабораториялардан алынуусу керек. Азыркы тапта мындай лаборатория эң жакын дегенде Казакстандын Алма-Ата шаарында бар. Буга чейин күбөлүк ошол жактан алынаары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. А бирок тексттик режимде мындай күбөлүктөрдү Кыргызстанда берүү баштаганын өкмөт бүгүн билдирди. Аны учурда жеке компания иштетүүдө.

Кошумчалай кетсек, токтомго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 27-декабрында кол койгон. Мындай талап ЕАЭБдин тапшырмасы катары кабыл алынган. Буга чейин өлкөгө бир жылдык өткөөл мезгил берилген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...