Акыркы макалалар

Өлкөдө сасык тумоо кайрадан жайылууда

Өлкөдө сасык тумоо кайрадан жайылууда

Кыргызстанда кайрадан сасык тумоого жана дем алуу органдарынын курч кармаган вирустук оорусуна чалыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымат боюнча, 16-январга карата ооругандар 1,3 эсеге өскөнү байкалган. Жылдын алгачкы жумасында 2-9 январь күндөрү өлкөдө сасык тумоого чалдыгып, тамагы ооруган 5 миң 872 киши кайрылган. Ал эми экинчи жумада 9-15-январь аралыгында кайрылгандардын саны 7 миң 470 оорулууга жеткен.

Сасык тумоо менен дем алуу органдарынын курч кармаган вирустук оорусунун таралышы республиканын Ош жана Баткен облустарынан башка аймактарында байкалууда. Мектептерде балдардын сабакка катышуусуно мониториг жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, өткөн жылдары сасык тумоо жана дем алуу органдарынын курч кармаган вирустук оорусунун эпидемиялык таралышы декабрь айында башталган. Ал эми күчөгөн учуру январь, февраль айларына туура келген.

Ал эми азыркы учурдагы кырдаалга байланыштуу аймактарда бейтаптарды кабыл алуу үчун стационардык мекемелерде кошумча орундарды уюштуруу каралып жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, эпидемиялык кырдаал көзөмөлдө турат. Калк арасында оорулардан сактануу боюнча сантардык-агартуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...