Акыркы макалалар

«Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүү үчүн Түркия элчилигине берилди

«Боинг-747» учагынын үч экипаж мүчөсүнүн сөөктөрү (Ибрагим Даранджи, Хазим Ондуна, Исхон Коша) Республикалык соттук- медициналык экспертиза борборунда таанылып, Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигинин өкүлдөрүнө мекенине жөнөтүү үчүн берилди. Экипаж мүчөлөрүнүкү деп таанылган сөөктөр эртен, 19-январда мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эске салсак, «Манас» эл аралык аэропортунун жакын жерде, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында «Боинг-747» аба учагы авиа кырсыкка кабылган. Жыйынтыгында 38 жаран каза болуп, анын ичинде 34ү- Кыргыз Республикасынын жарандары, 4сү- Туркия Республикасынын жарандары (экипаж мүчөлөрү) болгон.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...