Акыркы макалалар

Стамбул террористи жанындагы кыргызстандык досу менен кармалды

Стамбул террористи жанындагы кыргызстандык досу менен кармалды

Стамбулда Жаңы жыл кечесинде Рейна түнкү клубундагы терактты уюштурган террорист Стамбулда кармалды. Аны кармоо операциясы 17-январга караган түнү уюштурулуп, ийгиликтүү аяктаган. Бул тууралуу Хурриет басылмасы жазды.

Өзбек тектүү делген Абдулгадир Машарипов жанындагы төрт шериги менен кармалган. Алардын бири кыргызстандык жаран экенин Стамбул полициясы маалымдады. Ошондой эле террористтин жанында төрт жашар баласы да болгону айтылууда.

Учурда алар сурак беришүүдө. Эске салсак, буга чейин Стамбулдагы кандуу терактты уюштурууга кыргызстандыктын аты аталып, бирок ал маалымат кийин төгүндөлгөн. Көп өтпөй террористтин өзбек тектүү экени айтылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...