Акыркы макалалар

Ишкердик эрежелерин жөнөкөйлөтүү үчүн өкмөт 50 токтомду жокко чыгарды

Ишкердик эрежелерин жөнөкөйлөтүү үчүн өкмөт 50 токтомду жокко чыгарды

Кыргыз Өкмөтү ишкерлик жүргүзүү эрежелерин жөнөкөйлөтүү үчүн 50 токтомду жана айрым токтомдордун 12 өзүнчө бөлүгүн жокко чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Өкмөт тарабынан 1991-2014- жылдар аралыгында кабыл алынган токтомдордорду жокко чыгаруу чечими ишкерлик ишмердүүлүктүн укуктук-ченемдик базасын жөнгө салуу максатындагы регулятивдик реформанын алкагында кабыл алынды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мурда билдиргендей, регулятивдик реформанын жүрүшүндо мыйзамдарга толук инвентаризация жасалып, өзгөртүүгө тийиш болгон документтердин жалпы тизмеси бекитилген.

“Бул процессбизнес үчүн “ашыкча” жана “чыгымдуу” деп таанылган чараларды кыскартууну, коррупциялык тобокелчиликтерди алып салууну, эрежелерди жана чараларды так жазууну көздөйт ”, — деп өкмөт башчы белгилеп өткөн.

Эске сала кетсек, жокко чыгарылган токтомдор менен өкмөттүн сайтынан таанышууга болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...