Акыркы макалалар

Үсөнов: Өзбекстанга сапар жемиштүү болду

Үсөнов: Өзбекстанга сапар жемиштүү болду

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары учурунда эки өлкө ортосундагы чечүүгө муктаж бардык маселелер ортого салынды. Расмий Ташкент көйгөйлүү чек ара маселесин чечүүгө ынтызарлыгын билдирип, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдоду. Чек араларды тактоо боюнча тиешелүү органдарга январдын ортосуна чейин бардык маселелерди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Атамбаев Самаркандга бир күндүк иш сапар менен 24-декабрда барып келди. Анын жүрүшүндө Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык талкуулады. Маркум президент Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, куран окутту. Өзбекcтандык кесиптеши менен Самарканддагы стратегиялык ишканаларды кыдырып чыкты.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...