Акыркы макалалар

Оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү Чүй облусунда

Жыл башынан бери Кыргызстанда 8089 үй-бүлө оор турмуштук шартта жашай тургандыгы аныкталган, деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү Чүй облусунда – 1195.

Ош областында – 1 121 үй-бүлө,

Жалал-Абад областында– 1 087 үй-бүлө,

Ысык-Көл областында – 1 046 үй-бүлө,

Баткен областында – 955 үй-бүлө,

Талас областында – 812 үй-бүлө,

Нарын областында – 797 үй-бүлө,

Ош шаарында – 602 үй-бүлө,

Бишкек шаарында – 474 үй-бүлө оор турмуштук шартта жашай тургандыгы аныкталган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо аймактык башкармалыгы мамлекеттик аймактык органдар менен бирдикте оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн ар бир төртүнчүсүнүн жашоо-турмушун оңдоого жардам беришкен. Калган үй-бүлөлөргө да жардам берүү улантылууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...