Акыркы макалалар

Сапар Исаков: “Ирандын Президентинин сапарынын алкагында кызматташтык боюнча он жылдык Программа кабыл алынат”

Ирандын Президенти Хасан Роуханинин сапарынын алкагында кызматташтык боюнча он жылдык Программа кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен жолугушууда КР Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

“Президент А.Атамбаевдин Иранга сапарынын жыйынтыгында биз кызматташтык боюнча он жылдык Программа иштелип чыга тургандыгын айтканбыз. Кыргызстанга Ирандын Президенти Хасан Роухани келет, ал сапардын алкагында ошол Программага кол коюлат. Биз Ирандын башчысынын сапарынан көптү күтүп жатабыз жана биздин экономикалык келишимдердин ишке ашышына көзөмөл жүргүзөбүз”,-деди С.Исаков.

Ал ошондой эле, Ирандын Президенти чоң бизнес-делегация менен келе жатканын жана бул сапардын алкагында бизнес-форум болорун белгиледи.

“Бул форумда кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюлат деп үмүттөнөбүз”,-деп айтты ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...