Акыркы макалалар

«Марал» радиосу жыл мыктыларын аныктады

«Марал» радиосу жыл мыктыларын аныктады

«Марал» радиосу жыл ичиндеги мыктыларды аныктады. Ишинде өзгөчөлөнгөн ар кыл тармактын кызматкерлерин саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, мекеме жетекчилерди жана мугалимдерди элдин добушу менен тандады. Добуш берүү «Марал» радиосунун maralfm.kg сайтында жүрүп анын негизинде жыйынтык чыгарылды. Жалпы 25 наам ыйгарылып сыйлык ээлерине радионун атайын статуэткасы жана диплом тапшырылды.

«Марал» радиосу 2011-жылы декабрь айында ачылып 2012-жылдын башынан тарта эфирге чыга баштаган. Учурда өлкөнүн жети облусунда тартып, ар бир үйдө жаңырып жатат. Ошону менен катар эле maralfm.kg интернет дарегинен онлайн түрүндө дүйнөнүн чар тарабынан угууга болот. Радио коомго туура-так, ыкчам-бейтарап маалымат жеткирүү менен кыргыз тилин өнүктүрүүнү жана көңүл ачуу жаатында иш алып барат. Аны менен катар элдин диний сабатсыздыгын жоюуда көмөк көрсөтүп келет.

Тайырбек Сарпашев «Жылдын мыкты жетекчиси» деп табылды

Угармандар менен окурмандардын тандоосу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев «Жылдын мыкты жетекчиси» деп табылды. Сарпашев аталган мекемени жетектеген учурда Кыргызстанда биометрикалык каттоо аркылуу добуш берүү ишке ашты. Шайлоодо автоматтык эсептегич урналар колдонула баштады. Ал бул кызматке келгиче вице-премьерликти аркалап келген. Көп жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келет.

Тазабек Икрамовго «Жылдын депутаты» наамы ыйгарылды

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тазабек Икрамов «Жылдын депутаты» деген наамга татыды. Бул сыйлык дагы maralfm.kg сайтындагы добуш берүү менен аныкталды.

Эл өкүлү Жогорку Кеңеште жума намазына түшкү тыныгууну узартуу боюнча демилге көтөрүп ал коомдо кызуу талкуу жараткан.

Ошондой эле 5-мартты «Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү» деп белгилөө жөнүндө демилге көтөрүп ал колдоо тапкан. Ак калпак майрамы 2011-жылдан бери майрамдалып келгени менен расмий майрам каттары катталган эмес. Аны буга чейин Маданият министрлиги да расмий белгилөөнү сунуштаган болчу.

Руслан Казакбаев «Жылдын саясатчысы» деп табылды

«Жылдын саясатчысы» деп Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев табылды. Бул сыйлыкка угармандар менен окурмандар «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, Өмүрбек Бабановду, Чолпон Жакупованы көрсөтүшүп көпчүлүктүн тандоосу менен Казакбаев «Жылдын саясатчысы» деп таанылды.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган. Билими жогору. 1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Кубатбек Боронов «Жылдын министри» болду

«Марал» радиосунун «Жылдын министри» наамы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго буюрду. Бул наамга Экономика министри Арзыбек Кожожев, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы сунушталган. Бирок көпчүлүк угармандардын тандоосу менен Боронов алдыга чыкты.

Кубатбек Боронов 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

1986-жылдын сентябрь айынан 1991-жылдын июнь айына чейин Фрунзе политехникалык институтунун «айыл чарба курулуш» факультетинде окуган.

2010-жылдын январынан 2010-жылдын августуна чейин ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;

2010-жылдын август айынан баштап 2011-жылдын декабрь айына чейин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.

2011-жылдын 24-декабрынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалап келет.

Sputnik маалымат агенттиги «Жылдын мыкты ММКсы»

«Жылдын мыкты ММК» арасында Super.kg, Саресеп гезити, Азаттык, Би-Би-Си, Аки-Пресс, 24.kg, Кыргыз радиосу жана Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу да бар болчу. Добуш берүүгө «Марал» радиосунун миңге жакын угармандары жана сайтынын окурмандары катышты. Натыйжада Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу «Жылдын мыкты ММК» деп таанылды.

«Жылдын мыкты долбоору» болуп «BIF -2016» форуму аныкталды

«Жылдын мыкты долбоору» болуп «BIF -2016» форуму аныкталды. Бул сыйлык ЖИА Бизнес Ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбекке тапшырылды. Бишкекте өткөн Бишкек инвестициялык форумунун бул жолку жыйынында 15 бизнес долбоору жеңип чыккан. Ишкерлердин башын бириктирген бул форум былтыр дагы уюштурулган. Анда 5 долбоор тандалып, алырдын айрымдары ийгиликтүү иштеп жатат. Маалыматка ылайык 3-4 ишкер Америкадан ишкана ачып, үзүрүн көрүүдө.

Быйыл Бишкек инвестициялык форумунда Индия, Британия баш болгон 30дан ашык өлкөдөн өкүлдөр келишкен. Уюштуруучулар кийинки жылы катышуучулардын саны мындан дагы көп болоорун күтүп жатышканын билдиришкен. Быйыл утуп чыккан бизнес проекттердин ичинде эт өндүрүү, оор өнөр-жай компаниясын түзүү, таштанды ташуу, килем өндүрүшү жана кийим тигүү жаатындагы долбоорлор бар.

Рустам Атаев «Жылдын мыкты мугалими» болду

«Жылдын мыкты мугалими» Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын директору Рустам Атаев болду. Мектеп 2014-2015-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен мектеп интернаты болуп кайра түзүлгөн. Билим берүү мекемесинде ата-энеси жок жетим жана кароосуз калган балдар билим алат. Мектепте ал жакта жатып окуган жана үйүнөн келип-кетип окуган балдар чогуу окушат.

Бишкектеги № 71-жалпы билим берүүчү кыргызча мектеп 1990-жылы пайдаланууга берилген. Буга чейин долбоор боюнча 1260 окуучу билим ала турган мектепте 460 бала окуган. Мектептин көпчүлүк бөлмөлөрү ижарага берилип келген.

2014-жылдын 3-октябрында президент Алмазбек Атамбаев жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатына барып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып кайткан.

Жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мектеп-интернатын уюштуруу боюнча бул долбоор түркиялык кайрымдуулук фонддун колдоосу менен ишке ашырылган.

«Эмарк строй» ишканасы «Жылдын курулуш компаниясы»

Ал эми «Жылдын курулуш компаниясы» болуп «Эмарк строй» курулуш ишканасы табылды. Сыйлык аталган ишканын директору Чолпонбек Акматовго тапшырылды.

Фатима Абдалова «Жылдын калемгери» деп табылды

Акын Фатима Абдалова «Жылдын калемгери» болду. Ал Базар-Коргон райоунун Беш-Бадам айылында 1960-жылы 29-июлда туулган. 1977–1982-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде билим алган.

Алгачкы эмгек жолун Базар-Коргон райондук «Эмгек жалыны» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштап, Кыргыз Республикасынын Китеп палатасында, «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында, Кыргыз Мамлекеттик телерадиосунда редакторлук кызматтарда эмгектенген.

Ыр жазууну сегиз жашынан баштап, жогорку окуу жайында окуп жүргөн мезгилинде ырлары республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган. Акындын алгачкы ырлар жыйнагы «Бешик боо» деген ат менен 1989-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. Жаш акындардын республикалык фестивалдарынын лауреаты. Абдалова 1989-жылы Москвада өткөн жаш акын-жазуучулардын Бүткүл союздук семинар-кеңешмесинин катышуучусу.

Абдалованын экинчи ыр жыйнагы «Ай жарыгында» деген ат менен 1997-жылы жарыкка чыгып, Кыргызстан Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыган. Фатима Абдалова 2007-жылдын сентябрь айында Түркиянын Элазыг шаарында өткөн дүйнөлүк түрк тилдүү акындардын «Хазар поэзия кечтери» фестивалынын катышуучусу.

«Жылдын ырчысы» наамы Кубаныч Ажыбаевге буюрду

«Жылдын ырчысы» наамы Кубаныч Ажыбаевге буюрду. Эстрада ырчысы «Сулууларга суктанууга акым бар» деген ыр менен көпчүлүккө белгилүү. Андан сырткары «Жеңкем экен», «Атасынын баласы», «Балалыкты эңсөө» жана «Күтүү» аттуу ырлары эл оозунда ырдалып жүрөт.

“Ас салам” фонду “Жылдын кайрымдуу” фонду деп аталды

“Ас салам” фонду “Жылдын кайрымдуу” фонду деп табылды. “Жамияти Ассалам Лиль Аль Амааль Аль Инсаният Вал Хайрия» коомдук кайрымдуулук фонду 2013-жылы Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, өз ишмердүлүгүн КР мыйзамдарынын алкагында алып барууда. Фонддун негиздөөчүсү Доктор Набиль Альоун, жетекчиси Миңбаев Нурмухамед. “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фонду үч жылдан бери Кыргызстандагы социалдык көйгөйлөрдү чечип, жардамга муктаждарга кол сунуу аракетин көрүп келе жатат. Тагыраак айтканда өлкөдөгү таза суу күйгөйүн чечүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү, кичи саламаттыкты сактоо борборлорду (ФАП), мечит, медереселерди куруу жана башка алкоого аларлык көп иштерди аткарууга күч жумшап келүүдө.

Кыргызстан суунун мекени болгону менен атайын тазартылган суу менен эл толук камсыздала элек. Ошондуктан “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду өлкөдөгү таза суу көйгөйүн чечүү багытында төрт миңден ашык жер алдынан сордурулуп чыгарылган таза суу түтүкчөлөрүн жана ондогон айылдардын суу түтүктөрүн толугу менен жаңылап берди.

Аталган кайрымдуулук фонд уюшулгандан тартып эле, кичи саламаттыкты сактоо борборлорду (ФАП) куруу иштерине басым жасап келет. Маселен, Ош шаарында атайын укук коргоо кызматкерлери үчүн 50 орунга ылайыкташтырылган ФАП салынып берилди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...