Акыркы макалалар

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

2016-жылдын 19-декабрында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп:Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн-5…-10°,күндүз 0…-5°суук, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2016-жылдын 19-декабрынан 20-декабрына күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90 чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдары, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44 чм), Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары жана Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусу) 60-68 чакырымдарында унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...