Акыркы макалалар

Чарчап чаалыктырып, таарынчаак кылган - стресс

Чарчап чаалыктырып,  таарынчаак кылган  - стресс

  Чарчап чаалыктырып,  таарынчаак кылган  - стресс

 Психологияда стресс деген абал бар. Айрым дарыгерлер  аны  70 пайыз оорулардын башаты деп коюшат. Стресс деген эмне аны менен кантип күрөшүүгө болот? 

“Кыргызстанда 80 пайыздан ашык адам  дистресстен   жапа чегет. Негизинен стресс бул оору эмес. Аны көптөрү оору деп  алмаштырып алышат. Илимдин тили менен айтканда стресс -бул ар кандай  жагдайларга адамдын денесинин жооп берүүсү.  Жагдайлар  жагымсыз же кубанычтуу болуусу мүмкүн.   Ошондуктан  стрессти эки түргө бөлүп кароого болот. Бири  шарттуу түрдө айтсак “оң” жана  экинчиси “терс” абалдагы  стресс деп. Мисалы  адам  лотореядан абдан көп суммадагы акчаны дароо утуп алса “оң” стресс  алыш мүмкүн, бул учурда биздин организмге стресс жакшы таасирин берет: иммунитет жогорулайт, оорулар айыгат, адам кубанычка бөлөнөт. Ал эми терс стресс же   тескери эмоциялардан улам келип чыга турган  дистресс адамга     жаман жыйынтыктарын   берип,   аны ден соолугунан ажыратат.  Биздин коомдо азыр дал ушул дистресс абалынан жапа чеккендер көп деп белгиледи”,- бул  эмоциялык абал тууралуу  “Коомдук коммуникациялар институту”  коомдук фондунун директору, психолог Венера Жунусова.

 “Стресс” деген сөзгө биринчи жолу канадалык физиолог Ганс Селье аныктама берген.  Бул аныктамага ылайык стресс организмдин тез картайышына алып келет жана ооруну пайда кылат. Айрым батыш эксперттеринин пикиринде оорулардын 70 пайызы эмоционалдык стресс абалы менен  байланышкан. Европада жыл сайын миллиондон ашык адам  жүрөк-кан тамыр сиcтемасынын стресстик бузулууларынын кесепетинен  өлүмгө учурайт.

 Стресстин белгилер кандай?

 Адистин айтымында, биз жогоруда сөз кылган  адамдын ден соолугуна тескери таасир берчү стресстин белгилери   төмөнкүдөй:

 -дабдыроочулук, оюу бир жерде болбоочулук

- абдан  катуу толкундануу

- дайыма чарчап-чаалыгуу

 - тамаша айтканды түшүнбөй таарына берүүчүлүк

 - чылым чеккен адам болсо анын тартууну көбөйтүү, ошол эле маалда алкоголь ичимдиктерине болгон  “табити”  да ачылып кетет

-   уйкунун жана табиттин жоголушу

 -   эске тутуунун төмөндөшү

-   кээде “психосоматикалык» деп аталган баштын, ашказандын оорусу байкалат

-   кубана турганга таптакыр  жакшы нерсе таппай калуу

Эгерде ушул белгилер байкалса  анда сизде стересстик абалда экендигиңизден кабар берет.

  Абалды алдына алуу

Стрессти алдын алуу үчүн жумуш күнүн так бөлүп алуу жана ошону менен иштөө зарыл. Ачуу шоколад, сүйүктүү китебиңизди окуу, ыңгайлуу креслоңузда тынч эс алуу, уйку, спорт, мончого түшүү, жаратылышка сейилдөө, сизди сыйлаган түшүнгөн адамдар менен баарлашуу стресстен арылууга  жардам берет. 

Пайдалуу кеңештер

Алоэ өсүмдүгү байыртадан бери эле дарылык касиети менен белгилүү болуп келген. Төмөндө элдик медицинада алоэнин колдонулушун сунуштайбыз.

-Ириңдүү жараларды тазалоодо алоэнин жаңы ширесин же  жумшак  жерин дакиге коюп басып улам-улам алмаштырып турат. Бул жаракатты жугуштуу микробдордун киришинен сактайт жана тез айыгышына жардам берет.

-Суук тийүү жана кулак- тамак ооруларынын учурунда төмөнкү рецепти колдонууга болот. 300 грамм алоэнин жалбырагы, 3 кашык бал, 3 ашкана кашыгы менен медициналык спирт. Алоэнин жалбырактарын эт туурагычтан өткөрүп, алынган массаны бал жана спирт менен аралаштырат. Бир чай кашыктан тамактын алдында  3 маал ичүу керек. Мурун бүткөндө, ринитте жана тонзилитте алоэнин жаңы сыгылган ширесин ар бир 3-5 саат сайын 5-8 тамчы тамчылатуу да жакшы жардам берет, 3 жашка чейин балдарга 4-5 тамчы жетиштүү.   

Организм чарчаганда 10 мл. алоэ  ширеси, 10 грамм грек жаңгагы, 100 грамм бал жана 100 мл лимон ширесин аралаштырып, тамакка чейин 1 десерт кашыгы менен кабыл алуу жардам берет. Эгерде ашказандын кычкылдуулугу көп болсо бул араламашманы лимон  ширеси жок жасаса болот.

Ашказан ооруларында алоэнин эки жалбырагын ( мисалы узундугу 5 сантиметр болгон) майда чайноо менен күнүгө жеп туруу пайдалуу . Дарылоо курсу 3 ай, алоэ ачуу болгондуктан аны  бал менен жесе да болот.

  Кызыктуу  фактылар

 Тери адамдын  организмдеги  эң чоң орган болуп эсептелет.

 Эгерде адам тамакты абдан көп жесе  кулагынын угуусу начарлайт.

 Адам тамаксыз 30-40 күн, суусу жок 3-5 сутка, абасыз 3-6 минут жашайт.

 Кишинин денеси 10 триллион клеткадан турат.

 Адамдын көзү 10 миллион түстү айрып тааный алат.

 Адамдын кулагынын көнчөгү өмүр бою акырындап өсөт.

 Эң оор ички орган салмагы 1,5 килограммга жакын боор болуп эсептелет.

  Гулнур Жумалиева

редакция газеты "Айыл Деми"

АЮЛ "Альянс горных общин Центральной Азии" (АГОЦА)

г.Бишкек 720031, пер.Уфимский, 3 (пер.Горького/Ж.Пудовкина)

тел. 312 542346 (до.113), 555 500 609 (пр.)

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...