Акыркы макалалар

Жалал-Абадга кошумча авиакаттам ачылат

Жалал-Абадга кошумча авиакаттам ачылат

25-декабрдан тарта Бишкектеги "Манас" аэропортунан Жалал-Абад шаарына кошумча авиакаттам ачылып, TezJet компаниясы ар жекшемби “Бритиш аэроспейс–146-200” учагында эл ташый баштайт. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Азыр Бишкек-Жалал-Абад багытындагы каттамды ар шаршембиде “Авиа Траффик” компаниясынын “БАэ–146-200” учагы аткарууда.

Жол киренин орточо баасы 2200 сомдун тегерегинде. Эки шаардын ортосунда учуу убактысы 40 мүнөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...