Акыркы макалалар

АКШ өкмөтү өлкө мектептерине 260 миңден ашуун китеп берет

АКШ өкмөтү өлкө мектептерине 260 миңден ашуун китеп берет

АКШ элчилиги өлкөдөгү башталгыч класстар үчүн 261 миң 500 китеп берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни Улуттук адабият күнүнө байланыштуу иш-чарада билдирди.

Элчи быйыл эки өлкө кызматташуунун 25 жылдыгын белгилеп жатканын айтты. Ал ишенимге, теңчилик жана сый-урматка багытталган мамилелерди жогору баалай турганын кошумчалады.

Бул мааракенин урматына 1-4-класстар үчүн китеп берүү чечими кабыл алынганы маалым болду.

Кечээ залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болчу. Анын урматына арналып 12-декабрь - Кыргызстанда улуттук адабият күнү деп жарыяланган. Мунун алкагында Бишкекте “Улуттук адабият жумалыгы" уюштурулду. Бир апта ичинде акын-жазуучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер, балдар китептерине арналган жармаңке, республика боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын арасында "Бирге китеп окуйбуз" аттуу акция, жомок каармандарынын сүрөттөрүн тартуу боюнча сынак өттү.

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...