Акыркы макалалар

МАЙРАМКАН ЧОМОЕВА, ВРАЧ: «КҮЗҮНДӨ ИНФЕКЦИЯЛЫК ООРУЛАР КОЗГОЛОТ»

МАЙРАМКАН ЧОМОЕВА, ВРАЧ: «КҮЗҮНДӨ ИНФЕКЦИЯЛЫК ООРУЛАР КОЗГОЛОТ»

Сасык тумоо жана башка вирустуу инфекциялар менен коштолгон ооруларга анча көңүл бурбаганыбыз менен жугузуп алсак бир топ эле түйшүк жаратат. Ушул тапта дарыгердин жардамына муктаж болуп ооруканага баргандардын аягы суюлбай, борбордогу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын коридоруна чейин жатып дарыланып жаткандар көп. Мындай ооруларды алдын алуу, чалдыгып калганда дарылануу жолдорун аталган оорукананын 7-бөлүмүнүн башчысы Майрамкан Чомоева айтып берди.

Жугуштуу оорулар

Бизде жугуштуу оорулардын ичинен вирустуу инфекциялар кеңири таралган. Аларга грипптин түрлөрү, аденовирустар, риновирустар, гепатиттин вирустары, герпес ж.б. кирет. Бул оорулар балдарда, ошондой эле чоңдордо да көп кездешет. Вирустук инфекциялар иммунитетти түшүрүп, потогендүү микрофлоранын пайда болушун шарттайт. Убагында дарыланбаса, өөрчүп өнөкөткө айланып кетет.

Жугузуу жолдору

Вирустуу инфекциялар аба жана алиментардык жолдор аркылуу жугат. Вирус клеткага кирип, аны жабыркатып көбөйө баштайт. Андан кийин өлгөн клеткадан чыгып кан аркылуу бүт организмге таркайт. Курч респиратордук инфекциялар, көбүнчө оорулуу адам менен карым-катыш болгондо (жөтөлүп аткан маалда жанында болсо, кол алышканда же буюмдарын колдонгондо) жугат. Негизи иммунитет алсыз болгондо организм вируска каршылык көрсөтө албай калат да, ооруну бат жугузуп алат.

Иммунитеттин төмөндөшү

Иммунитеттин төмөндөшү төмөнкү факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн: экологиянын булганышы, туура эмес тамактануу, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, таза абада аз дем алуу, суук тийип калуу, катуу стресске чалдыгуу, кыймыл-аракеттин аздыгы, химиялык каражаттар менен иштөө, тукум кууган оорулар ж.б.

Белгилери

Жалпысынан инфекциялык оорулардын белгилери окшош. Аларга: дененин алсыздыгы; температуранын жогорулашы; баштын, муундардын, булчуңдардын, тамактын оорушу; ичеги-карындын жабыркашы; уйкунун бузулушу; тынымсыз жөтөл, кусуу, чүчкүрүү; териде жаралардын пайда болушу. Мында организм инфекциялык интоксикацияга, б.а. ууланууга дуушар болду дегенди билдирет. Башында жугуштуу оорулардын жалпы белгилери байкалып, андан кийин спецификалык белгилери пайда боло баштайт.

Айыктыруу

Ооруну айыктыруунун эки жолу бар. Биринчиси — этиотроптук терапия, ал клетканын ичиндеги вирусту жок кылууга багытталган. Мында вирустун көбөйүүсүн токтоткон дары-дармектер колдонулат. Экинчиси — иммуномодулдук терапия, бул учурда организмдин иммунитетин көтөрүшөт. Вирустар менен кошо оору клеткалар жок кылынат.

Алдын алуу

Балдарга эмдөө белгиленсе, аларды сөзсүз алыш керек. Антпесе иммунитет алсыз болуп, вирустук жугуштуу оорулардын жайылуусуна өбөлгө түзүлөт. Спецификалык профилактика – белгилүү бир вируска каршылык көрсөтүү максатында эмдөө жүргүзүлөт. Спецификалык эмес профилактика – иммунитетти көтөрүү үчүн багытталган иш-чаралардын жыйындысы болуп саналат.

ОРВИ

Вирустуу инфекциялардын эң кеңири таралган түрүнө курч кармаган респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) кирет. Бул группага грипп, парагрипп, риновирус, аденовирус, реовирус, короновирус ж.б. тиешелүү. Спецификалык белгилери: кургак жөтөл, тамактын оорушу, мурундун бүтүшү, мурундан ириң чыгышы. Убагында дарыланса, аз убакыттын ичинде толугу менен айыгат. Эгерде дарт өтүшүп кетсе, өпкө жана мээ шишиги, пневмония, мурундун оорусу пайда болот.

Вирустуу гепатит

Күздүн келиши менен гепатиттин А түрү менен ооругандар көбөйө баштайт. Бул өнөкөт боордун жабыркашын шарттайт. Вирустуу гепатит (А жана Е) фекалдык-оралдык жол менен жугушу мүмкүн. Гепатиттин В,С,D түрлөрү гемоконттакташуу аркылуу өтөт. Мисалы, оорулуунун каны аркылуу, медициналык каражаттар жетиштүү дезинфекция кылынбаса, маникюр, педикюр, татуаж жана пирсинг жасоодо аппараттар аркылуу жугуп калышы ыктымал. Бардык вирустук гепатит теринин саргайып кетишине алып келет. Жалпы интоксикация болуп заңдын түсү агарып, заара карая баштайт. Убагында дарыланбаса, боор оорусу күчөп, аягы өлүмгө алып барышы мүмкүн.

Ата-энелердин эсине

Балдардын дене табы жогорулаганда ата-энелер эң алгач аймактык дарыгерге кайрылуусу керек. Эгерде инфекциялык оорунун белгилери аныкталса, жугуштуу оруулар ооруканасына алып келиши шарт. Ата-энелер дене табы көтөрүлсө эле дароо бизге келишет. А бул жакта инфекциялык оорулардын түрү көп болгондуктан беткап тагынбай келип, башка бир жугуштуу ооруну жугузуп алышат. Ошондуктан эң биринчи жергиликтүү ооруканаларга көрүнүп, анан бизге кайрылышканы туура.

Кайдыгер ата-эне

Балдарын коомдук жайларга көп алып чыгышат. Баласы температура болуп жатса, бала бакчага таштап кетишет. Дарыгердин көрсөтмөсү жок каалагандай дары-дармектерди беришет. Убагында дарыгерге кайрылышпайт. Баланын тамактануусуна көңүл бурушпайт. Наристени сыртка алып чыгып шамалдатып, суук өткөрүшөт. Баланын ден соолугунан да тойду, шаан-шөкөттү артык көрүшөт.

Жоопкерчиликтүү ата-эне

Наристенин иммунитети төмөн болгондуктан баланы көбүнчө үйдө карашат. Үйдү дайыма тазалап, желдетип турушат. Өздүк гигиенаны жакшы сакташат. Баланын тамак-ашын убагында берип, рационун көзөмөлдөшөт. Дарыгерге убагында кайрылып, оорунун алдын алышат. Бала менен таза абада бат-баттан сейилдеп турушат. Баланын жоопкерчилигин башка бирөөгө жүктөшпөйт. Бейтапканага жатканда дарыгердин көрсөтмөсүн так аткарып, бат сакайып кетишет.

Тарых барактарынан

Вирустуу инфекциялар жугуштуу оору катары байыртадан эле белгилүү болгон. Бактерия ачылгандан кийин XIX кылымда аталган өнөкөттү микроскоптон көрүүгө мүмкүн болгон эмес, кичинекей бактериялар козгоп жатат деп ойлошкон. Вирус термини латын тилинен которгондо “уу” дегенди билдирет. Аны 1898-жылы микробиолог Мартин Бейеринк киргизген. Вирустуу инфекциялар электрондук микроскоп ойлоп табылгандан кийин жакшы изилдене баштаган. Учурда вирустун 2000ден ашуун түрү белгилүү.

Элвира АКИМОВА

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...