Акыркы макалалар

Темир Бирназаров 1 жылдык режиссерлук курска кабыл алат

Темир Бирназаров 1 жылдык режиссерлук курска кабыл алат

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров 1 жылдык режиссердук курска кабыл алуусун баштады. Бул тууралуу кинематография департаментинен билдирди.

Окуу 2016-жылдын ноябрь айында башталат. Курска кабыл алуу баарлашуу (собеседование) жана чыгармачылык иштерин көрүү аркылуу тандалып алынат.

Окуу төмөндөгүдөй багытта жүргүзүлөт:

- ойномо жана ойномо эмес кинолордун режиссердугуна үйрөтүү;

- кинодраматургия;

- оператордук мастерствонун негиздери;

- актердук чеберчилик;

- киноөндүрүш.

Кабыл алуу Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы, 3-кабат, «Тазардын» кинокомпаниясынын кеңсесинде болот.

Сурап билүү тел: (0550)87-47-92, (0702 09 62 18).

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...