Акыркы макалалар

Албек Ибраимовдун киреше декларациясы жарыяланды

Албек Ибраимовдун киреше декларациясы жарыяланды

Мамлекеттик кадр кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкектин мэри 29 жер тилкесине ээлик кылат. Алардын эң көлөмдүүлөрү ар бири 7 гектардан (7140 чарчы метр) ашуун эки жер тилкеси, ал эми аянты аз дегени бир жарым гектардан (1640 ч/м) ашуун. Мэрдин декларациясында өткөн жылы ал 765 533 сом айлык акы алганы, дагы 3 млн сомдой кирешени айыл чарба продукцияларын сатып тапканы жазылган. Өзүнө таандык үйү жана унаасы жок. 10 гектардан (10200 ч/м) ашуун жерде сарай жана курулуштары бар, дагы 9 гектардан (9280 ч/м) ашуун жерде гараж жана башка курулуштары бар экенин маалымдаган.

Албек Ибраимовдун декларациясында жер сатып тапкан 33 млн сом да көрсөтүлгөн. Бул Ибраимовдун жубайы президентке сатты деген участоктон түшкөн киреше болушу ыктымал. Мурдараак “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ал жерге президент Атамбаев өзүнө үй салды деп маалымдаган. Текебаев ошондой эле президентке сатылган жер мурда Максим Бакиевге таандык болуп, ал качып кеткенден кийин мамлекетке кайтарылганын, Албек Ибраимов ал жер тилкесине кантип ээлик кылып калганын иликтөө зарылчылыгын да билдирген.

Бишкек мэри туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат берген эмес.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...