Акыркы макалалар

Акжол Бекболотов: “Тасманы кыштын кычыраган суугунда тарттык”

Учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан “Карт бойдок” аттуу үй-бүлөлүк комедия жанрындагы тасма көрөрмандардын купулуна толуп, кыргыз элин күлкүгө бөлөөдө. Аталган фильм жарык көргөнүнө бир жарым ай болсо дагы жаштар арасында кызыгууну жаратууда. Мына ушул тасма туурасында жана өзү тарткан фильмдери боюнча режиссёр Акжол Бекболотов баяндап берди.

АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ

Күтүлбөгөн сунуш

Кесибим боюнча оператор жана режиссёр болгондуктан, белгилүү ырчы, актер жана кино продюсер кесибин жаңыдан аркалап келе жаткан Съездбек Искеналиев бул тасманын сценарийин берип, “тартып көрбөйсүңбү” деген сунуш киргизди. Анан сценарийин окусам, чындыгында эле абдан кызыктуу жазылган толук метраждуу фильм экен. Мурда жалаң жарым сааттык кыска тасмаларды тартып келгендиктен, мындай толук баалуу кинону тартуу мен үчүн абдан кызыгууну жаратты. Ошентип былтыркы жылдын декабрь айларында буга тиешелүү идеяларды топтоп, январдан тартып съёмканы баштаганбыз, төрт ай бою тарткан соң, май айында кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Ошону менен менин бул алгачкы тасмама алты ай убакыт талап кылыныптыр.

Каармандар

"Карт бойдок" тасмасынын башкы каарманын белгилүү кесипкөй актёр Камчыбек Сарыбаев ойноп берди. Ал өзү айтмакчы “бул фильм мага ылайыкталып жазылгандай экен” дегени эсимде. Камчы тасмада өзүнүн жашоосун кайрадан кайталап өткөндөй тап-так ойноп, өзүнүн каарманын ачып берди. Ал эми фильмдеги карт бойдоктун келечектеги келинчегин ойной турган кызды араң таптык. Башында кастингге келген кыздардын биринин келбети туура келбесе, бири аткара албай жатышты. Ошентип отуруп акыры Адинай Кемелова деген бардык жагынан төп келишкен модель кызды тандап алдык. Ал моделдик агенттигинде актёрдук кесипти окугандыктан өзүнүн ролун жакшы аткарды. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты болуп терс каармандын ролун Съездбек Искеналиев ойноду.

Кыйынчылыксыз тасма тартылбайт

Биздин тамса тартуучулар арасында “тасма - бул кыйноо” деген кеп бар. Тактап айтканда, кыйынчылыксыз тасма тартылбайт. Анысы кандай кыштын кычыраган суугунда үшүгөнүбүзгө, ооруганыбызга карабай аталган тасманы тартып жүрдүк. Дагы бир көйгөйдү жараткан Камчынын жаш кези болду. Анын жаштыгын тартуу үчүн ага окшош, жашыраак баланы таппай кыйналдык. Кийин бирөөлөр искусство институтунда Алмаз деген бир бала бар деп калышты. Башында көп окшоштура берген жокпуз. Бирок, кийин чачын сарыга боеп, бир аз тармалдатып койгондон кийин Камчыга окшош болуп калды. Мындан тышкары, тасмадагы башкы каарман кондитердик компаниянын башкы жетекчиси болгондуктан, биздин биринчи максатыбыз Бишкек шаарындагы кондитердик компанияларга барып, ал жактан бир сценаны тартып алыш керек болчу. Тактап айтканда, таттуу азыктар чыгып жатканы керек эле. Биз борбор калаадагы бардык таттуу компания, цехтерге кайрылып, чыгарып жаткан продуктусун тартып алалы десек бардыгы ачууланып болбой коюшту. Айлабыз кетип “ичине киргизбесеңер мейли жок жегенде имараттын сыртын же аталышын тартып алалык” десек, болбой тырышып кетүүбүздү талап кылышты. Анан айла жок өзүбүз бир ишкананын сыртын кондитердик азык сыяктуу кылып эптеп жасап анан тарттык.

Кыскача мазмун

Болот аттуу жигит жаш кезинде бир кызды катуу сүйүп жүргөн кезинде, аны ал кыз таштап кетет. Ал кызга жетпей же көңүлү калгандыктанбы айтор ошонун негизинде үйлөнбөй жүрө берип жашы 35тен өтүп кетет. Анын бейкапар жүргөнүн көргөн ата-энеси баласын “үйлөн” деп кыйнай башташат. Болот эч кимди укпай койгондо, туугандары “Шапа 007” деген айылда жашаган шыпылдаган тың жеңесине кайрылышат. Ал баягы бойдокту ой-боюна койбой Адель деген кыз менен тааныштырып, сүйүүсүн таап берет. Тасманын акырында башкы каарман бойдокчулук менен коштошуп, “Шапа 007” деген аталышта таанышуу агенттигин ачат.

Алдыда

Буюрса бул фильмдин уландысын күзүндө тартып калышыбыз мүмкүн. Азыркы тапта Съездбек анын аталышын “Шапа 007” деп койсомбу деп ойлонуп жүрөт. Эгерде аталган тасманын уландысын тартсак аны мурункудан дагы күлкүлүү кылып тартканга аракет кылабыз.

Жаңы тасма

Учурда режиссёр Нурбек Мусаев менен “Көргүм келет” аттуу социалдык драма тасмасын тартып, монтаждап жаткан кезибиз. Фильмди биз башка тасмалардан айырмалантып өзгөчө тартканга аракет кылдык, көрүүчүлөр арасында кызыгууну жаратат болуш керек деп ойлойм. Аны биздин баам боюнча күзүндө эл алдына тартуулайбыз. Фильм туурасында кыскача токтолсом. Анда Кайрат деген жаш жигиттин тагдыры өтө оор болот. Тактап айтканда, ал жаш кезинде сүйүүнүн айынан адам өлтүрүп, түрмөгө түшүп калат. Кайрат ал жакта отуруп көп нерсени ойлонот. Кийин абактан чыккандан кийин ал жаман жолго эмес, таза жол издеп жакшы, адамгерчиликтүү адамга айланат

28.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...