Акыркы макалалар

Кышында энергетикалык каатчылык болору күтүлүүдө

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

Мындай коңгуроону энергетиктер акыркы убактарда байма-бай кагып, кышында энергетикалык каатчылык күтүлөрүн айтышууда. Алар мындай кырдаалды Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд. 700 млн. кубка аз болгондугу жана кургакчыл келген аба ырайы менен түшүндүрүүдө.

ЭКСПОРТТУН КӨЛӨМҮ АЗАЯТ

Энергетика жана өнөр жай министрлиги күтүлүп жаткан сыноонун алдын алуу максатында сыртка экспорттолуп жаткан электр энергиясынын көлөмүн төмөндөтүп, ага удаа жарыкка болгон тарифти жогорулатууну пландоодо. Экспорттоло турган электр кубатынын көлөмү 500 млн. киловатт саатка чейин төмөндөтүп, суу сактагычтагы суунун көлөмүн 14 млрд. кубка жеткирүү чарасы көрүлүп жатат. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суу 11-июнга карата 12 млрд. куб метрден аз гана ашкан. Агып келип жаткан суу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга аз болууда.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев күтүлүп жаткан кризистин алдын алуу максатында чукул чаралар көрүлүп жатканын маалымдады. “ Быйылкы жылы суунун тартыштыгына байланыштуу, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүп алуу максатында азыртан даярдыктар көрүлө баштады. Үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылуу максатында бардык ресурстарды колдонуп, күн-түн дебей даярданып жатабыз”,-деди министр.

300 КИЛОВАТТАН АШЫК ПАЙДАЛАНГАНДАРГА БАА КОШУЛАТ

Жыл сайын бул тармакта кризис боло баштаганда биринчи кезекте жарыкка болгон бааны көтөрүү сунушу айтылып келет. Коомчулук бул нерсени кабыл албаганы менен, энергетиктер бул тармактагы кризисти чечүүнүн андан башка жолу жок деген жүйөөнү карманып келишет. Энергетика министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкулов электр кубатына болгон баа саясатын төмөнкүчө чечмелеп берди. “Иштелип чыгылган электр энергиясынын бир киловатт саатынын өздүк наркы 1 сом 24 тыйынга барабар. Ал керектөөчүлөргө 70 тыйындан сатылганда, кайра эле 50 тыйын дотация катары берилип жатат”,-деди М.Чолпонкулов.

Ал белгилегендей, азырынча электр кубатына болгон баа качан жогорулай тургандыгы белгисиз. Бирок, мындай кымбаттоо бардык керектөөчүгө тиешелүү эмес. “Социалдык аялуу катмарда, иажара турган жашоочуларга оорчулук болбоосу үчүн, аларга баа жогорулабайт. Баа саясаты үч фазалууларга таандык. Ошондо да 300 киловаттка чейин 70 тыйындын жеңилдик берилет”,-деп кошумчалады.

БААНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КРИЗИСТЕН ЧЫГУУНУН ЖОЛУ ЭМЕС

Энергетика боюнча серепчи Расул Умбеталиев жарыкка болгон бааны көтөрүү көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес деп эсептейт. “Кайсы гана жаңы өкмөт башчы же болсо энергетика министри кызматка келбесин, биринчи эле тариф маселесин көтөрүшөт. Бирок тарифти көтөрүү негизги себеп эмес. Кыргызстанда электр кубатын өндүрүү баасы өтө төмөн, болгону 12-13 тыйын. Бөлүштүрүлүүчү компанияларга 45-50 тыйындан сатылып жатат. Алар болсо дагы кошуп, элге 70 тыйындан берип жатат. Бул жерде техникалык-коммерциялык жоготуулар көп. Жоготуулар 22-23 пайызды түзүп жатат. 15 млрд. киловатт электр жарыгы өндүрүлө турган болсо, анын 3 миллиарды жок болуп жатат. Ошондуктан, кырдаалдан чыгуунун жолун бир жактуу эле тариф саясаты менен байланыштырбай, башка жагын да кароо керек”,-дейт Р.Умбеталиев.

Ал Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн көбөйтүүнүн эки жолун сунуштады.

“Биринчиден, Тажикстанда жайкы мезгилде эң арзан электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкөнүн түштүк аймактарын ушул өлкөдө өндүрүлүп жаткан электр энергиясы менен камсыздап, Токтогул суу сактагычындагы агып чыккан суунун көлөмүн азайтуу керек. Ошондо гана суунун тартыштыгы болбойт. Жайкы мезгилде Кыргызстан бир күндө 20 млн. киловатт суу керектейт. Ага 190 куб суу кетет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө 230-250 куб суу кетип жатат.

Экинчиден, ири, электр энергиясын көп пайдаланган мекемелерди түнкү тарифке өткөрүп, түнкү тарифти 70 тыйындан кылып, аларды арзан тариф менен кызыктыруу керек”,-деп кошумчалады серепчи.

Кыргызстан суу ресурсу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен үчүнчү орунда турат. Суунун кенинде жайгашканы менен анын 10 млрд. куб метрге жакынын гана керектейт. Учурда энергетика акысы калкка 70 тыйындан болсо, мекеме-ишканаларга 1 сом 32 тыйынды түзөт.

28.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...