Акыркы макалалар

И. Масалиев: «Коррупциянын бетин ачкандар 3 жылга чейин иштен бошотулбайт»

И. Масалиев: «Коррупциянын бетин ачкандар 3 жылга чейин иштен бошотулбайт»

Коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамдын укуктары мыйзам аркылуу корголот. Мындай мыйзам долбоору депутат Аида Салянова тарабынан сунушталууда. Ага ылайык, жемкорлуктун бетин ачкан адам паранын 30 пайызын алат. Бул долбоор адамдарга стимул берип, өлкөдөгү коррупциянын азайышына алып келери айтылууда. Ушул тема боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев менен маек курдук.

— Аида Салянова сунуштап жаткан мыйзам долбоорун колдогон депутаттардын катарында экенсиз. Бул мыйзам долбоорунун негизги максатына токтолсоңуз…

— Бүгүнкү күндө биз коррупцияга каршы күрөштү жарыялап, аны менен бир гана антикоррупциялык күчтөр аракет жасап жатат. Ал эми коомчулук четте калып жатпайбы. Ушул мыйзамдын максаты – келечекте биздин жарандарыбыз деле мамлекеттик кызматкерлер иштеп жаткан жерде кандайдыр бир коррупциялык иштерди байкап калган учурда маалымат бергенге мүмкүнчүлүк, шарт түзүп жатабыз. Дагы бир башка максаты – коррупциялык иштер тууралуу билдирген адамдын укугун коргоо болуп жатат.

— Мыйзам долбоорунда эмнелер камтылды?

— Бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик үлүшү бар ишканалар менен уюмдардын ичиндеги мыйзамсыз иш жөнүндөгү маалыматты билдирген адамдарды коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Анын башкы милдети жарандарды коррупциялык укук бузуулардын бетин ачууга, коррупцияга каршы аракеттерге жигердүү катышууга шыктандыруу, мыйзам чегиндеги жүрүм-турумду калыптандыруу болуп саналат. Ошондой эле, ал адамды 3 жылга чейин иштен бошотууга же башка кызматка которууга жол берилбейт. Бирок, эгер профессионалдык деңгээлине байланыштуу маселе чыга турган болсо, анда бир гана прокурордун макулдугу аркылуу ишке ашат. Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекетке же бюджетке чоң зыян келгенде токтотууга көмөктөшкөн коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамга паранын 30 пайызы сыйлык катары бөлүнүп берилет. Бирок, өкмөт бюджет тартыштыгы бар деген шылтоо менен бул мыйзам долбооруна карата терс пикирин билдирип жатат. Алардын бул позициясы туура эмес болуп жатат.

— Коррупция менен күрөшүүчү атайын мамлекеттик кызматтар бар эмеспи. Учурда алардын күчү жетпей жатабы?

— Ооба, күчү жетпей жатат. Көпчүлүк учурда бул атайын түзүлгөн органдар башка майда жумуштар, кандайдыр бир материалдык кызыкчылык таба турган иштер менен алектенип жатышат. Ал эми коррупцияга каршы күрөш жалпы болбой жатат. Ошондуктан биз ушул мыйзам кабыл алынып, иштеп калса коррупциянын азайышына кошумча шарт түзүп беребиз деп ишенебиз. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүүдөгү эң чоң көйгөй маалымат алуу. Атайын түзүлгөн органдар көбүнчө өздөрү издеп тапкан маалыматтын негизинде иш жүргүзүп келишет. Мүмкүнчүлүк жана аракеттер жетишсиз.

— Бул мыйзам долбоору көбүнчө кайсыл жердеги жана кандай коррупциялык иштерге бөгөт коё алат?

— Биринчи кезекте ушул мыйзам элибизге мамлекеттик кызмат кылган жана тейлөө тармагында көбүрөөк орун табышы мүмкүн. Негизи качан адамга уруксат берүү функциясы берилгенде ар кандай формадагы коррупция пайда болот.

— Кыргызстанда коррупция көбүнчө кайсы тармакта кездешет?

— Бул боюнча атайын изилдөөнүн жыйынтыгы чыккан. Биринчи кезекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларында коррупция кенен кулачын жайган. Анын себептери катары төмөн айлык, жетиштүү эмес шарттар деп айтылып келет. Кийинчерээк салык кызматында, милицияда коррупция күчөдү. Айтор элге кызмат кыла турган жерде коррупциянын мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми саясий, жогорку деңгээлдеги коррупция азыраак болгону менен зыяны тийген учурлар болгон.

— Мыйзам саясий өңүттө колдонулуп калышы мүмкүн эмеспи?

— Ар бир мыйзам адам укугун чектөө, каршы күрөш жүргүзүү боюнча саясий максатта колдонулушу мүмкүн. Бирок, коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адам калп, жалган айткан болсо ага да жоопкерчилик каралган. Анан көпчүлүк учурда түшүнбөй эле туруп, бир гана паранын 30 пайызы берилет деп ойлоо туура эмес. Бул кошумча кылына турчу экенин билип коюу керек. Бирок, менин жеке пикирим боюнча келечекте биз коомдо коррупцияга каршы пикир, каршы аракеттерди ар бир адамдын аң сезимине киргизишибиз керек.

— Кайсы гана мыйзам долбоору болбосун аны иштеп чыгууда башка мамлекеттердин тажрыйбасы эске алынат эмеспи. Сиздер кайсы өлкөдөн үлгү алдыңыздар? Башка мамлекеттерде коррупция менен күрөшүү кандай жүрөт?

— Чогулган тажрыйба деп эсептесек туура болчудай. Көпчүлүк мамлекеттерде ушундай бар. Мисалы, Германияда кошунасы эрте менен автоунаасын от алдырып, ичин жылытып, экологияга зыян келтирди деген негизде кошунасынын атына арыз жазат. Ошентип кошунасына айып пул салынат. Бирок, ошол эле учурда алар бири-бирине душман болуп калбайт. Ошондой эле Батыш Европанын көпчүлүк мамлекеттеринде жарандар болуп жаткан жаман иштер боюнча ачык арыз менен кайрылышат. Ал эми СССРден калган мамлекеттерде бул уяттуу нерсе деген ой бар. Чынында мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер андай болбош керек. Эгерде коррупция болсо ачык эле айтса, ошондо коррупция менен чогу күрөшмөкпүз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...