Акыркы макалалар

Айылдарда каржылык сабаттуулукту жогорулатуу керек

Айылдарда каржылык сабаттуулукту жогорулатуу керек

Кыргызстанда учурда насыя алып үй салып, унаа алып, той өткөрүп жана аны башка керектөө муктаждыгына жумшаган жарандар көп. Бирок насыя алуу ар кандай кыйынчылыктар менен коштолбош үчүн калктын каржылык сабатын жоюу учурдун актуалдуу талабы болуп турганын адистер белгилешүүдө.

Бул өз кезегинде насыя алган жарандардын, дегеле банк тармагына кайрылгандарын укуктук билимин гана жогорулатпастан, өлкөнүн банк жана каржы тармагынын толук кандуу иштешине дагы негиз болуп бере алат. Бирок учурда айыл жергесиндеги адамдардын каржылык сабаттуулугуна көңүл бурулбай келет.

Суусамыр айылынын тургуну, кесиби боюнча эсепчи болуп эмгектенген Зоодан Асаналиев каржылык сабаттуулук боюнча окутуулар азыр эң керек болуп жаткандыгын белгиледи:

“Азыр көпчүлүк үй бүлөлөрдө насыяны алып алып аны туура эмес жакка коротуп, айлык маянаны алып чогултпай ары-бери ойлонбой туруп сарптап жиберүүнүн кесепети тийүүдө.Каржылык сабаттуулук жоктугунан каржылык каатчылык да келип чыгат. Азыр бир гана Суусамыр жергесинде гана эмес бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жатат.Чогулган акчаны,алган айлык акыны кайра туура чыгымдаш керек.Ал эми каржылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн кесипкөй адистерден алып келип атайын окутууларды, семинарларды өткөрүү керек.”

Банк адиси Махабат Керималиева насыяны алууда жана банктын кызматтарын колдонууда да айыл тургундарынын каржылык сабаттуулугу жогору болушу керек деген ойдо. Себеби бул адамдардын акчасын үнөмдөөгө жардам берет дейт:

“Кредит аларда адам ойлонушу керек. Бул менин каалоомбу же керектөөмбү? Өзүнүн кирешелерине ченеп анан алыш керек. Кээде калк ичинде түшүнбөстүктөр бар, өзүнүн атына кредит алып, башка адамга берип коет, бул кылмыштуулук болуп эсептелет. Мындан башка, депозиттер бар. Банкка акча салып жатканда кардар банктын статусуна, капиталына карап, банк күйүп кетпейби деп билип туруп салыш керек. Үчүнчүдөн, акчаларды которууда банк канча пайыз кармап калат, качан жана кантип акчаны алса болот, ушул маалыматтарды так сурап алып туруп анан банктын кызматын колдонуу керек”.

Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка таянсак, Кыргызстанда чакан насыяларды аялдар көп алышат. Айыл жериндеги үй-бүлөлүк түйшүгү аз келгенсип, айылдык айымдар башкалар үчүн топтогу насыяны төлөп, кыйналып жүргөн учурлар да аз эмес. Ошондуктан, айылдагы айымдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу учурдун талабы.

Даярдаган: Анарбек Калдыков, Зыйнат Самарбек кызы

Түп нускага шилтеме : kyrgyzmedia.com

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...