Акыркы макалалар

Парламент ММК тууралуу мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды

Парламент “КРнын “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды.

Бүгүн парламентте күн тартибин бекитип жатып, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз мыйзам долбоорунун демилгечиси КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев бул мыйзам долбоорун күн тартибинен алып, башка күнү кароону суранды.

“Биз аны менен макулбуз жана бүгүнкү карала турчу суроолордун арасынан алып салууну суранат элек”,-деди Садык Шер-Нияз.

Депуттар бул сунушту колдошту.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...