Акыркы макалалар

УКМК теракт боюнча издөө жарыялаган адам күнөөсүз экенин айтууда

Бишкектеги Кытай элчилигинде жасалган терактка тиешеси бар деп издөөгө алынган төрт кишинин бири - Мубарак Турганбаев өзүнүн күнөөсүз экенин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал азыр Стамбул шаарында жашарын, жүк жеткирүүчү “Адал Тур” каргосунда иштерин маалымдаган Турганбаев куру дооматка калганын белгилейт. Ал Кыргызстан менен Түркия ортосунда жарандардын акчасын ташып, мыйзамдуу иш алып барарын айтууда:

-1-июлда Бурхан деген адам Бишкекке акча жеткирүүнү суранып, 5000 доллар берген. Биздин каргодо иштеген балдар аны Искендер деген адамга жеткиришкен. Бирок акча жеткирген биздин кызматкерлер да камакта сурак берип жатышыптыр. Мени болсо расмий түрдө суракка чакырбай эле издөөгө алышыптыр. Менин террордук уюмдарга тиешем жок. Мага чоң жалаа жабылып жатат,- дейт Турганбаев.

Ал Түркиядагы кыргыз консулдары менен байланышта экенин, дипломатиялык корпус кызматкерлери да жакшы таанышарын белгилейт жана адилеттүүлүк үчүн күрөшөрүн айтат.

30-июлда Бишкектеги Кытай элчилигинде жанкечти автоунаа жардырган. Андан өзү мерт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы теракт уюштургандар аныкталганын, бешөө кармалып, төртөө издөөгө алынганын 6-сентябрда кабарлаган. Изделип жаткандар арасында Мубарак Турганбаев да аталган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...