Акыркы макалалар

УКМК: элчиликтеги жардырууну тажик жараны жасаганы тууралуу кабар анык эмес

УКМК: элчиликтеги жардырууну тажик жараны жасаганы тууралуу кабар анык эмес

Бишкектеги Кытай элчилигинде уюштурулган жардырууну Тажикстандын 21 жаштагы жараны жасаганы айтылууда. Бирок бул маалымат так эместигин, иликтөө уланып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Азаттык” радиосуна билдирди.

30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырып, мерт болгон. Андан элчилик имараты жана жакын жайгашкан үйлөр зыян тарткан.

Бүгүн айрым маалымат булактары жардырууну уюштурган адам тажикстандык экени аныкталганын, быйыл 16-июнда Стамбулдан Ошко учуп, андан ары Бишкекке келгенин жана өзүн кыргызстандык деп жүргөнүн кабарлашкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...