Акыркы макалалар

Тагдыры тарыхта калган Динара Асанова

Тагдыры тарыхта калган Динара Асанова

Динара Асанова 42 жылдык кыска өмүрүндө тарткан көркөм тасмалары менен дүйнөлүк атакка жетишти. СССРдин Ленин комсомолу мамлекеттик сыйлыктарына татыды.

Мен Динара менен мектеп кечелеринин биринде таанышканым эсимде. Анын эжеси Клара экөөбүз эң алгач борборубуздагы №11 орто мектепте, андан соң Москвада бирге окуганбыз. Алардын үйлөрүндө да бир нече ирет болуп, чоң энесинин даамдуу боорсокторунан жеп, апасынын чык-чык эттирип машинка басып отурганына да көп ирет күбө болгом.

Алар Москва көчөсүндөгү жазуу¬чулар менен басма кызматкерлери жашаган эки кабат үйдүн эки бөлмөсүндө турушчу. Ал үйдүн балкону менен ваннасы көзүмө өзгөчө сонун көрүнчү. Динаранын атасы Кулдаш Асанов “Советтик Кыргызстан” гезитинде бөлүм башчы, андан соң Жалал-Абад облусуна караштуу Үчтерек районунда партиянын райондук комитетинин катчысы болуп иштептир.

Ал Ленинградда окуп жүргөндө согуш башталат. 1942-жылы өз каа¬лоосу менен майданга аттанып, аскердик басылмада кабарчы болуп иштейт. Ал кичи кызы төрөлгөнүн уктубу, же уккан жокпу, белгисиз. Динара 1942-жылдын 24-октябрында жарык дүйнөгө келди. Марзия Камаловна 22 жашында эки кызы менен жесир калып, көзү жумулгуча Кулдаш Асановичти күттү. Ал ар дайым өмүрлүк жарын чоң сүймөнчүк менен эскерип, эң алгач шейит болду деген кара кагаз, андан соң дайынсыз дегендер келсе да андан бир мүнөт да күдөрүн үзбөдү. Марзия Камаловна Динара боюнда экенинде бир кызык түш көргөнүн эскерет. Түшүндө аксакал карыя:

– Балам, сен кыз төрөйсүң, атын Динара койгун”, – дейт. Ошол жылдары Динара деген ат өтө эле кеңири таркап кеткен.

Согуш аяктагандан кийинки жылдар электр жарыгы менен радионун заманы болбодубу. Динара үчүн электр жарыгын орнотуп, ийиндерине мамыларга чыгуучу апчууларын асынган адамдар бөтөнчө көрүнчү. Электр үтүктөр, жылыткычтар жана башкалар пайда боло баштады. Кара табакка окшогон радио кереметтин керемети сезилди. Ошентип радио күндүз эле эмес, тээ түндүн кыйласына чейин сүйлөп, жаңылыктарды, музыканы, ар кыл спектаклдерди кумарлана угуп, эртең мененки гимнастика жасачу да болду. Мындан тышкары “Алатоо” же “Ударник” кинотеатрларына барып кино көрүү өзүнчө эле бир майрам эле. Жалаң артисттердин сүрөттөрүн чогултуп атайы альбом түзүп, ошол кезде көзү тирүү артисттер менен болгон кездешүүлөрдүн бирөөнү да калтырбоого аракеттенчүбүз. Динаранын апасы редакциядан ар дайым чакыруу билеттерин алып келип берер эле. Динара шартылдап шаңдуу жүргөн, таланттуу кыздардан болчу. Ал ыр менен жомокторду жазып, жакшы ырдап, сүрөттү да мыкты тартаар эле. Ал гана турсун балдар менен чүкө ойноп, далай ирет утуп алган күндөрү да болгон. Ал короодогу өзүнөн кичүү балдар, кыздарды чогултуп “мугалим болуп” сабак берчү. Ошол себептен балдар эле эмес, алардын ата-энелери да аны урматтоо менен “Дика Петровна” – деп кайрылышчу. Дика деген аты кийин өмүр бою сакталып калды.

Кыздарын эл катарына кошуу үчүн Марзия Камаловна күндөп-түндөп эмгектенди. Ал эми кыздарды тарбиялоо иши көбүнесе чоң энесине жүктөлгөндүктөн Динара ага: “Чолпонум, менин жылдызым”,– деп кайрылчу. Ал киши сабатсыз болсо да, тегерегиндегилердин бардыгы аябай урматташкан эң сонун байбиче эле. Динаранын чоң энеси тикмечиликке, саймачылыкка жана тамак жасоого үйрөттү. Эжеси Клара менен жездеси Насыркулдун үйлөнүү тоюнда Динара келиштире ырдап, отургандардын көбүн бийлеткени эсимде.

Динара мектепте окуп жүргөндө эле кино жаатында иштөөгө көбүрөөк кыялданчу. Москвадагы ВГИКке өтүүгө жеңилдик болор деп Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун борбору Чаектен онунчу классты аяктады. Динара ВГИКке окууга өткөнү барып, биринчи эле турда кулаганда: “Мен токсон тогуз жыл жашап, токсон тогуз ирет экзамен тапшырсам да окуйм” деп айтканы бар. Тагдыр ага анча узак өмүрдү ыраа кылбады. Ал Фрунзеге кайтып келер замат, “Кыргызфильм¬ге” барып, “Кандай кызмат берсеңер да иштөөгө даяр¬мын”, – деди. Аны алгач монтаждоочу, андан соң режиссерго ассистент кылып алышты. Ал “Аптап” көркөм фильминде айтылуу Лариса Шепитько менен бирге иштеди. Андан соң “Ар кимдин өз жолу бар” көркөм тасмасын тартууга катышты.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин баарыбызды таң калтырып, ВГИКтин режиссердук факультетине кабыл алынды. Ошентип ал кино өнөрүнүн эң көрүнүктүү чебери, профессор Михаил Роммдун классындагы бирден бир бийкеч бүтүрүүчү болду. Арадан дагы бир катар жылдар өткөн соң апасы Марзия Камаловна менен эжеси Клара Динара жогорку окуу жайын аяктагандан кийин канча азап-тозокту башынан кечиргенин көз жаштарын көлдөтүп эскерип отурушту. Ал беш жыл кино тартпады, бирок ата-бабасынан бери сүрөтчү, ВГИКтин бүтүрүүчүсү Николай Юдин менен сүйүп баш кошту, эркек балалуу болушту. Ал Москванын алдындагы айылда жашап, айтылуу Белла Ахмадулина, Булат Окуджавалардай жоро-жолдош күттү. Анын таланты “Кыргызфильмде” эмес, “Ленфильм” студиясында он үч жыл иштеген мээнетке толгон мезгилде ачылды. Илмийген назик, жүрөгү дартка чалынган жаш келин уулу Анварды колунан жетелеп жүрүп, ондон ашык көркөм тасма тартууга үлгүрдү. Алардын көбү алгач СССРде, андан соң чет өлкөлөрдө таанылды. Анын “Рудольфиосу” (1969-ж.), “Тоңкулдактын башы оорубайт” (1974-ж.) медалга жана чыгармачыл жаштардын Ленинграддагы кароосунун лауреаттык дипломуна татыды.

Динара Асанованын кинематографиядагы өмүрү ошентип уламышка айланып жатты. Анын чыгармачылыгынын башкы темасы – жаштар, өспүрүмдөр эле.

Динара “Менин калп айтууга убактым жок”, – деп айтканы бар. Анын көркөм тасмалары, андагы каармандар адамдагы кайдыгерликке, жан дүйнөсү муздактарга кейип турат. Аны көрүү өтө оор, алар жан дүйнөңдү түйшүккө салып: “Мен неликтен бул жарык дүйнөгө жаралдым?” деген сыяктуу суроолорду бердирет. Динара замандын өйдө-төмөнүн жүрөгү менен сезип, андагы адамдардын, алардын ичинде жаштардын тагдырына күйүп-бышат. Ал нравалык жактан сокурдукка каршы чечкиндүү туруп, улууларды, ата-салтын, балдарды сыйлабагандарды, муз жүрөктөрдү жектейт.

Анын чыгармачылыгына жетик түшүнгөн Булат Окуджава бул туурасында мындай деп жазды: “Менин оюмча, кемчиликтердин бардыгы өзүбүздө, биздин муунубузда жатканын, биз жалган айтып, чындыкты жашырганыбызды биздин балдар эки-үч эселеп төлөп калышы ыктымал экендигин Динара Асанова мурда эле көрөгөчтүк менен сезген. Анын көркөм тасмаларындагы “Ой, мына мындай болуп атпайбы, көрүп койсоңор боло”, - деген кыйкырык азыр да кулагыбызда жаңырып, адамдын келечеги жөнүндө ойлонтуп, жүрөгүбүздү сыздатып келатат”. Динаранын көптөгөн фильмдерине тартылган белгилүү сценарийчи, актер жана режиссер Валерий Приемыхов мындайча эскерет: “Мен анын кинофильмдерине тартылдым. Мен Динарага ишенгендей режиссердун эч кимисине ишенчү эмесмин. Динара менен иштөө өтө жеңил эле. Кинодо жуп табуу тозоктун тозогу, мен бул жерде үй-бүлөлүк жуп жөнүндө кеп кылганым жок. Биз Динара экөөбүз дал ошондой жуптардан боло алдык. Ага, биринчиден, экөөбүздүн куракташтыгыбыз, экинчиден, экөөбүз тең элеттик экендигибиз болду. Бул жагынан экөөбүздө тең окшоштук бар эле. Анын эмне кыларын алдын ала билүү мүмкүн эмес эле... Менин сценарийимден кандай фильм тартарын мен эч качан билчү эмесмин. Чынымды айтайын аял – режиссерлор менен сценарийчилерге көп учурларда мамилем жаман болчу. Ал эми Динара таланттуу гана эмес, абдан эр жүрөк аял эле. Тобокелчил болчу, эч нерседен коркчу эмес. Мени да ошого үйрөттү. Мындай кыл, тигиндей кыл, деп Динарага үйрөткөндөр көп болчу, бирок ал өз билгениндей гана жасачу. Динара биздин кинодо кайталангыс көрүнүш, тубаса кинематографист эле”.

Динара өмүр ага өтө эле кыска берилгенин сезгендей шашыла иштеп, шашыла жашап жүрдү. Анын узак убакытка таасын иш пландары бар эле: джаз музыкасы жөнүндө фильм тартууга даярданып жүргөн, В.Приемыховдун “Кыйратуучулар” деген сценарийинин үстүндө эмгектенген, Андрей Платоновдун “Жан” повестин экранга чыгаруу, Анварга арнап өзүнүн жомокторун тартуу оюнда бар болчу. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча Кыргызстан жөнүндө кино тартууга кыялданчу. Баарына үлгүрүп, баарын жасагысы келчү. Ал өз үйүн, өлөң төшөгүн, карып калган апасын, сүйүктүү эжесин, көгүлтүр Ысык-Көлдү, ак селделүү Ала-Тоону сагынып кусаланчу. “Бейтааныш аял” фильмин англиялык “Эй-Би-Си” студиясы менен бирдикте Мурманск шаарында кызуу тартып жаткан кезде анын жүрөгү кагуудан калды.

Бирок анын тагдыры – аялдын, эненин, таланттуу адамдын, дүйнөгө өз көз карашы бар, кайталангыс сүрөткердин тагдыры тарыхта калды.

Динаранын сөөгү кыргыз жерине, Бишкек шаарындагы Аларча көрүстөнүнө коюлду. “Кыргызфильм” киностудиясы жайгашкан көчөгө Динара Асанованын аты ыйгарылды.

Күлбүбү БЕКТУРГАНОВА, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...