Акыркы макалалар

Жогорку Кеӊештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады

Бүгүн, 1-сентябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин II сессиясынын ачылуу аземи болуп, Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргыз парламентинин II сессиясын ачык деп жарыялады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Президенттин, Өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Депутаттар 27-августа Москва шаарындагы өрт кырсыгынан курман болгон 14 кыргыз жаранын жана жол кырсыгынан каза болгон 10 адамды ордунан туруу менен эскеришти.

Төрага Ч.Турсунбеков эл өкүлдөрүн кечээ, 31-августа салтанаттуу белгиленген Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдык маарекеси, Жогорку Кеӊештин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктап, чейрек кылым аралыгында кыргыз парламенти кыйла такшалганын, анын ичинде азыркы чакырылыштагы парламент да өз ишин өркүндөтүү багытында ырааттуу аракеттерди көрүп жатканын баса белгиледи.

Төраганын айтымында,өткөн сессия мезгилинде кыргыз парламенти өлкөнүн мыйзамдык базасын бекемдөө, өкүлчүлүк жана көзөмөл милдеттерин аткаруу жаатында алгылыктуу иш алпарды, жай мезгилинде депутаттар өлкө аймагында көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундардын ал-жайы менен таанышып, алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш жүргүздү.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...