Акыркы макалалар

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагындагы жардырууну кылдат иликтөөнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 30-августунда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин аймагындагы жардыруу боюнча кечиктирилгис тергөө амалдарын жүргүзүү тууралуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын укту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевге жана ички иштер министри Кашкар Джунушалиевге бул окуя боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго КЭР элчилигинин аймагындагы жардырууну иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине борбор шаарда жана региондордо террорго каршы чараларды актидештирүүнү, анын ичинде маанилүү объектилерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кайтарууну күчөтүүнү, ошондой эле өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгынын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чараларга байланыштуу эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...