Акыркы макалалар

Нарында 4 ГЭСтин курулушу башталды

Шаршемби күнү Нарын облусунда ГЭСтердин курулушун баштоо салтанаты болду. Ага президент Алмазбек Атамбаев жана “Русгидро” ишканасынын башчысы Евгений Дод баштаган жетекчилер катышты.

Нарын районундагы Таш-Башат айылына жакын жайгашкан ГЭСтердин курулуш иши 12-июнга пландалган. Аны куруу үчүн өткөн жылы орусиялык “Русгидро” ишканасы менен келишим түзүлгөн. Орусия тарап берген убадасына туруп курулуш иштерин өз убагында баштады. Жалпысынан бул долбоордо 4 ГЭСтин курулушу белгиленген. Ага “Русгидро” ишканасы 1 млрд. рубль бөлөрү айтылууда.

ГЭСтердин курулушун баштоо аземинде президент А.Атамбаев бул долбоорлор Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошорун белгилеп, анын маанисин өзгөчө баалады. Ошондой эле өлкө башчысы ГЭСтерди куруу менен миңдеген жарандар жумуш орундары менен камсыз болорун кошумчалады. “Бүгүн Нарын дарыясынын жээгинде болуп жаткан окуя өлкөбүз үчүн зор мааниге ээ. Биринчи кезекте экономикалык жактан мааниси чоң. Ушул жерде бир эле ГЭС эмес, бүтүндөй Жогорку-Нарын ГЭСтеринин каскады түшөт. ГЭСтин курулушу миңдеген жумушчу орундарды түзөт. Нарын облусунун, ошондой эле өлкөбүздүн башка аймактарынын калкы курулуштун өзүндө дагы, курулуш менен кошо жүргөн тармактарда дагы иштейт”, - деди ал. Ошондой эле, А.Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен акыркы жолугушууда дагы эки ГЭСти куруу боюнча сөз болгондугун кошумчалады.

Ал эми “Русгидро” ишканасынын жетекчиси Евгений Дод ГЭСтердин курулушун маанилүү долбоор катары баалап, башка мамлекеттин инвесторлорун да Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. “Нарын облусуна ГЭСтердин курулушу өтө маанилүү окуя. Муну менен Нарын шаарын жана жалпы аймакты өнүктүрсө болот. Мен башка мамлекеттин инвесторлорун да чакырып кетем”, - деди ал. Ошондой эле Е.Дод эки өлкөнүн президенттери берген тапшырманы аткарып, ГЭСтердин курулуш иштерин өз убагында жүргүзүүнү убада кылды.

Эки облусту камсыз кылууга болот

Буга чейин “Русгидро” ишканасы 4 ГЭСтин курулуш иштери 5-6 жылда аяктарын айтып, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке киришин маалымдаган. Жалпысынан долбоордун кубаттуулугу 230 мегаватт болору айтылууда. Энергетика боюнча адис Карыпбек Алымкуловдун айтымында, 230 мегаваттык кубаттуулуктагы электр энергиясы эки облусту камсыз кылууга кудурети жетет. “Жалпысынан төрт станция 2019-жылга чейин курулуп бүтөт экен. Айрымдар 190 мегаватт десе, айрымдары 230 мегаватт деп айтышууда. Ошондо ортосун алсак, 200 мегаватт болот. Бул кубаттуулук Нарын менен Ысык-Көл облусун толук камсыз кылганга кенен жетет”, - дейт ал. Ошондой эле ал, ГЭСтердин курулушунун башталышы өлкөнүн энергетика тармагынын кыймылдай баштанынын белгиси катары баалайт.

Чыгымы ашыкча эсептелгенби?

Кыргызстан менен Орусия өткөн жылы Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадын куруу боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, ГЭСтердин курулушуна кеткен каражаттарды толугу менен орус тарап мойнуна алат. Ал эми курулуш аяктаган соң эки өлкө долбоордун 50 пайыздык акциясына ээ болот.

Энергетика боюнча адис Расул Үмбеталиев Нарындагы ГЭСтердин чыгашасы ашыкча эсептелген деген ойдо. Анын айтымында, Жогорку Нарындагы 4 ГЭСтин жалпы наркы 200 млн. доллардан ашпашы керек. “Азыр заманбап практика көрсөткөндөй 1 мегаватт энергия өндүргөн ГЭСтин наркы 1 млн. доллар. Нарындагы 4 ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 200 мегаваттын тегерегинде. Муну куруу үчүн 200 млн. доллар кетет. Эмне үчүн ага “400 млн. доллар сарпталат” деп жатат мен түшүнбөдүм”, - дейт ал. Ошондой эле Р.Үмбеталиев ГЭСтер өзүн-өзү актаганга чейин долбоордун 75 пайыз акциясы Орусия тарапта болорун кошумчалады. “Эгер Нарындагы ГЭСтерге 400 млн. же 800 млн. доллар чыгаша болсо анда кеткен каражатты акташка көп жыл сарпталат. Мисалы, болжол менен кубаттуулугу 200 мегават болгон 4 ГЭС 400 млн. долларга курулса, аны чыгарыш үчүн 15-20 жыл керек болот”, - дейт ал.

А.Атамбаев “Жол тоскондор баатыр эмес”

Президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусундагы ГЭСтердин курулушун баштоо аземинде Кыргызстандагы соңку кырдаалга да токтолуп өттү. Ал өлкөдөгү акыркы окуяларды айыптап, анын артында тургандар карапайым элди курал катары пайдаланып жатканын кошумчалады.

Президент А.Атамбаев эл алдында сүйлөп жатып өлкөдө болуп өткөн соңку окуяларга өз оюн айтты. Ал элдин ушакка көбүрөөк ишенип кеткенин белгилеп, муну эгемендүүлүктүн 20 жылындагы акыйкатсыздык башкаруу менен түшүндүрдү. “Акыркы кездерде жарандар ушакка ишенип ар кандай мыйзамсыз иштерге барып жатат. Муну деле түшүнсө болот. Аткени буга чейинки президенттер элдин ишениминен кеткен. Бирок, мен алардын жолун жолдобоймун. Мен, менин жакындарым, бир туугандарым эч качан мамлекеттин мүлкүн уурдабайт. Эгер уурдаса камалат”, - деди А.Атамбаев.

“Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы окуялар, “Бишкек - Ош” жолунун буулушу кайсы бир күчтөр өлкөнү апаатка, баш-аламандыкка түртүп жаткандыгын таасын көрсөтүп койду. 2010-жылдын апрелинде өз элин атууга буйрук бергендер, 2010-жылдын июнунда элди кагыштыргандар кайрадан көксөөсүн кандыргысы келип жатат . Мунун баары өлкөнү бөлүп-жарып, тынчтыкты жана бейпилдикти бүлүндүрүүгө алып келет. Жаңы тирешүүлөрдү жаратып, жаңы курмандыктарга алып келиши ыктымал. Эгерде аларды өз учурунда токтотпосок, ал бузуку аракеттер эмнеге алып келээрин биз так билишибиз керек”, - деди ал.

Ошондой эле президент жол тоскон баатыр энелердин аракети туура эмес экенин кошумчалады. “Жол тосуп жаткандар баатыр энебиз деп жатат. Баатыр энелер андай кадамга барбайт. Мына Курманжан датка энебизди мисалга алалы, ал өз баласын элдин кызыкчылыгы үчүн садага чапкан. Ошондо да жанындагылар айткан экен “балаңызды алып кетип куткаралы” деп. Бирок, Курманжан датка энебиз элди сактап калуу үчүн ушундай кадамга барган”, - деди А.Атамбаев. Сөзүнүн аягында президент бардык кыргызстандыктарды тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырды.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

14.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...