Акыркы макалалар

Өзбекстан чек аранын такталбаган аймагына өзүнүн күч кызматкерлерин киргизип алып, Кыргызстанга талап коюуга укугу жок – депутат

Өзбекстан чек аранын такталбаган аймагына ИИМ кызматкерлерин коюп алып, кандайдыр боюнча талап коюуга укугу жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков (“Кыргызстан”) билдирди.

Анын айтымында, эл аралык талаптар боюнча, эгер макулдашылбаган аймак болсо анда эки тарап тең ал жерге аскердик же башка күчтөрдү коюуга укугу жок.

“Кыргызстан коңшу өлкөнүн талаптарын аткарууга милдеттүү эмес. Анткени, алар укуктук көз карашта аткарууга милдеттүү эмес”,-деди эл өкүлү.

Мындан тышкары, А.Баатырбеков ЖМКлардагы Курманбек Бакиев президент болуп турганда Үңкүр-Тоо Өзбекстанга берилип кеткендиги тууралуу билдирүүгө комментарий берди. Анда берүү процессине ошол кездеги ТИМ башчысы кызматында турган Аликбек Жекшенкулов дагы катышкан.

А.Баатырбеков белгилегендей, чындыгында эл аралык укуктук нормаларга ылайык, белгилүү мамлекеттик процедуралар бар, ошол боюнча макулдашылбаган тилке тигил же бул өлкөгө берилет.

“Документ күчүнө кирээрден мурда парламент тарабынан ратификацияланышы керек эле. Бирок, 2006-жылы мындай болгон эмес, ошондуктан аймак макулдашылбаган бойдон калат. Менин оюмча, мындай учурда кырдаал сүйлөшүү жолу менен гана чечилет”,-деп кошумчалады депутат.

Мындан тышкары, эл өкүлүнүн билдирүүсү боюнча, укук коргоо органдары 2006-жылы Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү аракети кандай болгонуна көңүл бурушу керек. “Менин көз карашымча, дыкат иликтөө жүргүзүү зарыл. Эгер бул окуяда күнөөлүүлөр табылса, анда алар жоопкерчиликке тартылуусу керек”,-деп сөзүн жыйынтыктады А.Баатыралиев.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-агустта Өзбекстан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоонун макулдашылбаган аймагына өзүнүн 7 милиционерин койгон.

Ошол эле күнү эки өлкөнүнү расмийлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө Өзбекстан 2 талап койгон. Биринчиси – мурда Кыргызстандын аймагында кармалган Өзбекстандын ИИМинин кызматкерин өткөрүп берүү; экинчиси – Орто-Токой суу сактагычынын аймагындагы аскерлерди алуу.

Бүгүн өзбек милициясына мамлекеттик чек ара режимин бузгандыгы үчүн 20 миң сом айып салынып, андан кийин өзбек тарапка өткөрүлүп берилген.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...