Акыркы макалалар

Сулайман-Тоонун айланасындагы курулуштар буздурулууда

Сулайман-Тоонун айланасындагы курулуштар буздурулууда

ш шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхий археологиялык музей комплесинин аймагындагы коргоо зонасына кирип кеткен мыйзамсыз курулуштар буздурулууда, деп билдирет Мамэкотехинспекция.

«Ош шаары боюнча мамэкотехинспекция башкармалыгы тарабынан Сулайман-Тоонун айланасындагы курулуштар көзөмөлгө алынып, мыйзамсыз курулган чарба курулуштары жана тосмолордун ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өз ыктыярдуу бузуп, музей комплекстин аймагына кирип кеткен жер тилкелерин мыйзам чегинде бошотуп коюууга эскертмелер берилип келүүдө. Ошондой эле, бүгүнкү күндө аталган темир тосмолор мамэкотехинспекция тарабынан буздурулду», - деп билдирет бөлүм.

Ал эми, берилген эскертмелерди аткарбаган 1 обьект Ош шаардык ИИМге жана эки обьектисин Ош шаардык сотуна материалдар даярдалып берилди. Калган тосмолорду ээлери өз ыктыярдуу бузуу иштери жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...