Акыркы макалалар

Чачыныз түшүп, себебин билбей жатасызбы?

Чачыныз түшүп, себебин билбей жатасызбы?

Чач түшүү – бул оору. Туура эмес тамактануудан, тамак жакшы сиңбей калганда, өт, боор жакшы иштебегенден, витаминдердин жетишсиздигинен да чач түшөт. Чачка туура эмес кам көрүүдөн да маселе жаралат. Жулмалап ар кандай чач жасалга жасоо, кышында сыртта жылаңбаш жүрүү жана стресс да чачтын түшүшүнө жеткирет.

1. Ар нерсеге ачуулан¬бай, өзүңүздү тең салмакта алып жү¬рүңүз. Убагында жана 7 саат¬тан кем эмес уктоо зарыл.

2. Витаминдерди, кальций, цинк ичиңиз.

3. Чачтын түбүн жакшыртып, калыпка келтире турган «настойка стручкого перца» деген бар. Бир жумада эки жолу чачтын түбүнө ошол боткону сүйкөш керек. Андан сырткары пияздын ширесин чачтын түбүнө сүйкөп, башты жылуу ороп жа¬тыңыз. Эртең менен шампунь колдонуп, жылуу суу менен чайкап коюңуз.

4. Жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын көбүрөөк колдонуңуз.

5. Чач түшүп жаткан убакта таракты азыраак колдонуңуз. Колуңуз менен башыңызды же¬ңил укалап туруу сунушталат.

6. Күндүн түз тийген нурунан, сууктан коргонуңуз. Суукта баш кийим кийиңиз, бирок башты кыспаганын тандоо оң.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...