Акыркы макалалар

“Кыргызгаздын” карызы “Газпромго” өтөт

Орусиялык «Газпром» ишканасы беш жыл ичинде Кыргызстандын газ инфраструктурасына 20 млрд. рубль өлчөмүндө инвестиция тартат. Бул туурасында өкмөттүн жыйынында маалым болду. Анда Кыргызстандын аймагына жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү, сатуу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы келишим боюнча өкмөттүн буйругунун долбоору жактырылды.

Келишимге кол коюлгандан кийин орусиялык «Газпром» компаниясы Кыргызстандын аймагына көгүлтүр от алып келүү жана бөлүштүрүү боюнча ишин жүргүзө баштайт.

Ошондой эле алар газ түтүкчөлөрүн жана жабдууларын жаңыртуу, өкмөт тарабынан бекитиле турган баа саясатын сактоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу милдетин алат. Мындан сырткары, “Кыргызгаз” “Газпромдун” колуна өткөндөн кийин карыздар да Орусия тарапка өтөт.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын соңунда “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, орусиялык компания 5 жыл ичинде 20 млрд. рубль инвестиция салуу ниетин билдирген болчу.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

31.05.2013. №21

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...