Акыркы макалалар

Кыргызстан менен Кытай экономикалык кызматташтыкты арттырууну баштады

Кыргызстан менен Кытай экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча өз ишин баштады. Кытай мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Кэцяндын чакыруусу менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-28-июнь күндөрү Тяньцзинь шаарында өткөн дүйнөлүк “Жайкы Давос-2016” аталыштагы экономикалык форумга катышып кайтты.

Сооронбай Жээнбеков жетектеп барган делегациянын курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, КРнын Кытайдагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана КРнын өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Айдарбеков бар болчу.

Форумдун жүрүшүндө Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Жибек Жолу долбоорунун транзиттик багытынын маанилүүлүгү тууралуу билдирүү жазады.

“Мен Кыргызстан 6 млн калктуу кичинекей эмес өлкө экендигин айттым, учурда биздин 180 млн рыногубуз бар, инфрастуктураны өнүктүрүү үчүн көп иш жасап жатабыз. Жибек жолу долбоорун транзиттик гана багыт катары эмес, комплекстүү долбоор катары кабыл алабыз. Ошондой эле, Бажы биримдиги (ЕАЭБ) менен «Жибек Жолунун экономикалык алкагынын» байланышы жана биримдик үчүн кандай пайдасы бар экендигин айттым”,-деди А.Сазбаков журналисттерге берген маегинде.

Эконрмикалык форумдун алкагында премьер-министр С.Жээнбеков Тяньцзин шаарынын мэри Хуан Сингуо менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Тяньцзин мери Кытай тарап Кыргызстандагы айыл чарба товарларына кызыктар экенин билдирди.

“Бизге маалым болгондой сиздерде өндүрүлгөн айыл-чарба товарлары абдан сапаттуу. Биз Кыргызстандагы айыл-чарба товарларын Кытайга алдыртып келүүгө даярбыз”,- деди Тяньцзин мэри .

Өз кезегинде КР премьери бул багытта иштешүүгө кыргыз тарап даяр экендигин баса белгиледи.

Ал арада Бишкекте кыргыз-кытай иш форуму болуп өттү. Цзисянь провинциясынын ишкерлери жана жетекчилери катышкан бул форумда кыргыз-кытай экономикалык тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жол-жоболору талкууланды.

Экономикалык форумдун жүрүшүндө КР соода өндүрүш палатасынын президенти Рима Апасова Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар алмашуу 1 млрд долларды түзөрүн билдирди.

Ал эми экономист Жумакадыр Акенеев акыркы мезгилде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык алака алдыга жылып жаткандыгын айтты.

“Бүгүнкү күндө Кытай тараптын Кыргызстанга жасап жаткан иштери абдан чоң. Алар конкреттүү долбоорлордун негизинде Бишкек-Торугарт стратегиялык жол курулушу, Датка-Кемин электро станциясынын курулушу, Бишкек ТЭЦтин реконструкцияланып жатышы буга мисал боло алат. Мындан тышкары, Кытай жакында биздин өлкө үчүн “Жашыл аймак” долбоорун ишке ашырды. Бул дүйнөдө экономикасы боюнча экинчи орунда турган Кытай мамлекетинин Кыргызстандагы айыл чарба товарларына кызыктар болуп жатышы биз үчүн чоң жетишкендик болуп саналат”-,деп белгиледи Жумакадыр Аканеев.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...