Акыркы макалалар

Депутаттар жашы жете электер менен нике кыюу жөнүндө мыйзам үчүн кайрадан добуш беришет

Депутаттар жашы жете электер менен нике кыюу жөнүндө мыйзам үчүн кайрадан добуш беришет

Бүгүн депутаттар жашы жете электер менен нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган мыйзам үчүн кайрадан добуш беришет. Бул тууралуу бейшемби күнү КР парламентинин жыйынында белгилүү болду.

Эки күндөн бери «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары кезектешип, жашы жете электер менен нике кыюуга жол берген ата-энелерди, дин кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган мыйзам долбоору үчүн кайрадан добуш берүү маселесин көтөрүп жатышат.

Конституциялык мыйзамдуулук, мамтүзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина билдиргендей, комитеттин жыйынында бул маселе талкууланып, депутаттар тарабынан мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө коюу чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, мурда депутаттар көпчүлүк добуш менен бул мыйзам добоорун четке кагышкан.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...