Акыркы макалалар

КМШ өкмөт башчыларын тамшандырган боорсокту ким жасаган?

КМШ өкмөт башчыларын тамшандырган боорсокту ким жасаган?

Кыргызстанга КМШ премьер-министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Армениянын вице-премьери Ваче Габриелян, Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары Сатлык Сатлыков, Казакстан, Белоруссия, Тажикстан өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Карим Масимов, Андрей Кобяков жана Кохир Расулзодалар келишти.

Өлкөгө келген үлкөн атка минерлерди "Манас" аэропортунан салт боюнча улуттук тамак-аштын бири болгон даамдуу боорсок менен тосуп алышты. Sputnik Кыргызстан агенттиги конокторду тамшандырган боорсокторду ким жасаганына кызыгып көрдү.

Бизге маалым болгондой өкмөт башчылардын таңдайын такылдаткан боорсокторду көп жылдык тажрыйбасы бар наабайчылар Татьяна Завгороднева менен Наталья Савченколор жасашкан.

"Манас" эл аралык аэропортунун технологу Георгий Нагайдын айтымында, ар бир конокко өзгөчө рецепт менен үч килограммдан боорсок даярдалган.

"Жасоо ыкмасы жөнөкөй эле. Сүт, маргарин майы, ачыткы, ун азыктарын жана сүйүү мээриминен бир кашык кошуп туруп, жан дүйнө менен даярдаганбыз", — деди технолог.

Ал эми наабайчылар Татьяна Завгороднева менен Наталья Савченко бир аз толкунданганын билдирди.

"Жүз көрүшүп амандаша албаганыбыз өкүнүчтүү деңизчи, бирок мен жасаган боорсок Дмитрий Медведевди тамшандарды деп үмүт кылам", — деди Завгороднева.

КМШ премьер-министрлери Кыргызстанга өкмөт башчылардын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келишти.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...