Акыркы макалалар

Балдарды киного тартууда ата-энелеринен милдеттүү түрдө уруксаат алуу керек

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Аталган демилге депутат Максат Сабировго таандык.

Ал өз баяндамасында долбоор эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү, жашы жетпегендердин эмгектик укуктарын коргоо жана маданият кызматкерлери менен мөөнөттүк эмгек келишимдерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүү максатында иштелип чыккандыгын билдирди.

Эл аралык эмгек уюму кинематографтын чыгармаларын жана театрдык коюуларды түзүүдө балдардын эмгегин пайдалануу боюнча кооптонууну билдирип жаткандыгына бир нече жыл болду. Андыктан, кинематография, театр, театр уюмдарында жана концерттик уюмдарда, цирктерде, маданият-массалык иш-чараларда 18 жаш курагына толо элек адамдар менен ден соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыянсыз чыгармаларды түзүүгө жана аткарууга катышуу үчүн ата-энелеринин биринин жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен жол берүүнү караган ченем киргизилүүдө.

Андан ары мыйзам долбоорунда маданият кызматкерлери жана пенсиялык курактагы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын маданият жана искусство жаатындагы кызматкерлери эмгек мамилелеринин негизги түрү болуп контракттык тутумун өнүктүрүү каралган, мунун өзү труппанын оптималдуу түзүмүн калыптандыруунун обьективдүү себептери жана репертуарды ийкемдүү пландаштыруунун зарылдыгы менен байланышкан. Бул учурда өзүнүн тике иш-милдеттерин аткарууга жөндөмдүү жана зарылдыктан коюлуучу репертуарда болгон кызматкерлер менен гана эмгек келишимдерин түзүү жана аларды иш менен камсыз кылуу зарыл.

Соңунда аталган мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...